Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:37

Баткен: Ок атышуу боюнча эки башка маалымат айтылууда


Баткен. 2021-жылдын 30-апрели.
Баткен. 2021-жылдын 30-апрели.

Баткенде 30-апрелдин эртең мененки саат 9:30уна карата абал боюнча эки башка маалымат келүүдө. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Баткен районунда кырдаал турукташып, ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режим киргизилген” деп маалымдады.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, ар жерден ок атылганы кээде дале угулуп жатат.

30-апрелге оогон түнү Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев биргелешкен документке кол коюп, кагылышты токтотууну, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүүнү макулдашышкан.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG