Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:58

КЭДП партиясынын Боршайкомдун чечимине каршы арызы сотто каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Административдик сотунда ушу тапта Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын (КЭДП) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы даттануусу каралып жатат.

Сот имаратынын алдында партиянын мүчөлөрүнүн жана тарапкерлеринин митинги өтүүдө. Ага жүздөн ашуун адам катышып жатат.

Митингчилер колунда “Биздин добуштардын уурдалышына жол бербейбиз”, “Чындык үчүн, КЭДП үчүн” деген жазууларды кармап турушат.

БШК 23-апрелде партиянын Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо алган добуштарын жокко чыгарган. Буга УКМК менен милициянын аны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болгон.

Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG