Быйыл Кыргызстанда Май майрамдарында ишемби-жекшембиден тышкары 5-майда жана 10-майда эс алуу күндөрү болот. Бул тууралуу 27-апрелде “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме билдиргендей, быйыл 1-май дем алыш күнүнө туш келгендиктен анын ордуна кыргызстандыктар 3-майда эс алышмак, бирок ал эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 8-январга которулган болчу.
Ошондуктан 1, 2-май ишемби жана жекшембиден тышкары 5-майда Конституция күнүндө, Жеңиш күнү жекшембиге туш келгендиктен 8, 9 жана 10-майда эс алуу болот.
Мындан тышкары майдын 13ү же 14ү Орозо айт майрамы белгиленет. (RK)