Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Навальный ачкачылык акциясын токтотту


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Абактагы Алексей Навальный дем алышта аны колдоп тынч жүрүштөргө чыккандар менен сыймыктанарын билдирди. Орус оппозициясынын лидеринин саламаттыгына көзөмөл салган догдурлар саясатчынын өмүрүнө кооптонуп жатышкан. 23-апрелде саясатчы ачкачылык акциясын токтоткону маалым болду.

Бул тууралуу саясатчынын социалдык тармактагы баракчасындагы билдирүүдө айтылат.

“Кечээ дарыгерлер мени ачкачылык акциясын токтотууга чакырып билдирүү таратышты. Ачыгын айтсам, алардын “бир аз убакыттан соң дарылоочу бейтаптын өзү жок болушу мүмкүн” деген сөзү көңүл бурууга арзыйт деп эсептейм”, - деп жазылган билдирүүдө.

Владимир облусундагы түрмөдө жаткан Алексей Навальный ачкачылык акциясын март айынын аягында баштаган.

Навальный Орусиянын бардык аймактарында 21-апрелде өткөн тынч жыйындар тууралуу да үн катып, адилетсиздик менен мыйзамсыздыкка каршы тайманбай көчөгө чыккандарды көрүп сыймыктанып турганын "Инстаграмдагы" баракчасына жазды.

"Биздин өлкө караңгылыкка батып калды. Бакубат 21-кылымда ресурстарга бай Орусиянын эли жылдан-жылга жакырчылыкка батууда. Өнүккөн жокпуз, артта калдык, жыл сайын артка кетип баратабыз. Мунун бир гана себеби бар. Кремлдеги эски көз караштагы, акылсыз, бирок куу жана заардуу абышкалар Орусиянын жарандарынын татыктуу жана бай жашоосун өздөрүнө хан сарайлар менен жүзүм бактарды курууга айырбаштап жатат", - деп айтылат кайрылуусунда.

Навальный өткөн дем алышта жүрүштөргө чыккандарды "Орусиянын куткаруучулары" деп атаган.

Орусияда дем алыш күнү Алексей Навальныйды колдогон акциялар жалпы 96 шаарда, мындан сырткары чет өлкөлөрдө өткөн.

Тынч жүрүштөргө чыккандар бир айдан бери саламаттыгы кескин начарлап кетип, ишенимдүү догдур киргизүүнү, абакта ачкачылык карманып отурган Навальныйды бошотууну талап кылышкан.

"ОВД-Инфо" укук коргоо долбоорунун баштапкы маалыматына караганда, акцияларда 1770 адам кармалып, полиция 21 кишини катуу токмоктогон. Кийин кармалгандар 2 миңге жеткени маалым болду.

Ошондой эле ондой журналист кармалып, маалымат каражаттарынын ишине тоскоолдуктар болгонун "Amnesty International", "Human Rights Watch" уюмдары сындашты.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар бул көрүнүштөрдү "негизги эркиндиктерди ачык басмырлоо" деп баалашты.

"Бардык сынчыл көз карашты кармангандарды камап, ооздорун жаап коюуга Орусияда түрмө жетишпей калат", - деди "Amnesty International" уюмунун Москвадагы бөлүмүнүн директору Наталья Звягина.

Былтыр август айында "Новичок" заты менен ууландырылган 44 жаштагы Алексей Навальныйды 2-февралда Москва соту "Ив Роше" ишине байланыштуу шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кескен.

Абакта ден соолугу кескин начарлап кеткен Навальный өзүнө ишенимдүү дарыгерлерди киргизүүнү талап кылып, 31-марттан бери ачкачылык кармап келет.

20-апрелде Навальный абактан тышкары ооруканада медициналык текшерүүдөн өткөнү белгилүү болду. Анын саламаттыгын караган догдурлар Навальныйды тез арада ачкачылыгын токтотууга чакырышкан.

Ал эми Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы Навальныйды эркиндикке чыгарууну талап кылып, орус бийлигине кайрылуу жолдошту. Анда июнга чейин Навальныйды абактан бошотуп, керектүү бардык медициналык жардам көрсөтүү жана Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына ылайык, бардык укуктарын коргоо талабы белгиленет. Резолюцияны Страсбургдагы жыйында 105 парламентарий колдоп берген.

Ошол эле кезде Орусияда Навальныйдын тарапташтарына карата орус бийлигинин куугунтугу токтогон жок.

Любовь Соболь.
Любовь Соболь.

Акциялар башталганга чейин эле Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш жана анын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири, "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" юристи Любовь Соболду полиция кармап кеткен. Көп өтпөй Ярмыш элди мыйзамсыз митингге үндөгөнү үчүн он суткага камалганы, ал эми Соболь бошотулганы кабарланды.

23-апрелде Алексей Навальныйдын Ростов-на-Дону шаарындагы штабынын башчысы Ксения Середкинканы полиция кармап, ал камакта кыйноого кабылганын билдирди.

Орус бийлиги 21- апрелде Орусиянын ондогон шаарларында Навальныйды колдогон жүрүштөр тууралуу эч кандай билдирүү жасаган жок.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG