Жогорку Кеңеш Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун талаш-тартыш менен биринчи окууда кабыл алды. Депутаттардын бир бөлүгү бул документти бийлик колдоого алып, эл өкүлдөрүнө басым жасаганын айтып жатышат.
Мыйзам долбоорунун көмүскө колдоочулары
Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунун аймагына кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди.
Бирок депутаттар Айбек Осмонов, Аккулу Бердиев, Нурбек Тотонов жана Максат Эгембердиев билбестиктен “макул” деп добуш берип алганын айтып чыгышты. Алардын бир бөлүгү Жогорку Кеңештин аппараты атайын адаштырды деп эсептейт. Бирок добуш берүүнүн алдында төрага Талант Мамытов мыйзам долбоорунун аталышын толук окуган болчу.
Жакында эле мандат алган Айбек Осмонов жаңылып калган депутаттардын саны 10 чакты экенин айтат:
“Азыркы учурда көз боёмочулук Жогорку Кеңештин жыйынында да болуп турат экен. Дегеним, добушка коюу учурунда бир нече темаларды коет эмеспи. Ошолордун арасына толук теманы жазбай, арсар түшүнүктөгү тема кылып добуштан өткөрүп жиберүү аракети жүрдү окшойт. Он чакты депутат мыйзамдын темасына маани бербей калгандыктан ушундай жагдай жаралды. Бирок дароо эле трибунага чыгып каршы экенимди айтып, кайра добуш берүү сунушун бердим. Эми экинчи жана үчүнчү окууда “каршы” деп добуш берем”.
Парламенттеги талаш-талкууга карабай, мыйзам долбоорун кайра добушка коюу сунушу колдоо тапкан жок. Төрага Талант Мамытов документ биринчи окууда кабыл алынганын билдирди.
Ысык-Көлдө кумаркананын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоору биринчи окууда 8-апрель күнү каралган. Жогорку Кеңештин ошол күнкү отурумунда 86 депутат каттоодон өтүп, талкуу учурунда сөз сүйлөгөн депутаттардын көбү мыйзам долбооруна каршы экенин билдирген эле.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мыйзам долбоору ошол күнү атайын добушка коюлган эмес деп эсептейт:
“Фракциянын жетекчилери ар бир депутатка “бул жогорку жактын буйругу” деп телефон чалышты. Ал тургай мага дагы чалышты. Муну депутаттардын баары айтып бере алса керек. Бул мыйзамга 8-апрелде эле добуш беришибиз керек болчу. Биз добуш берүүнү талап кылсак төрага Талант Мамытов болбой койгон. Ошол күндөн баштап бийлик ар бир депутат менен иштеди. Өкмөт башчы, министрлер чыгышты. Жыйынтыгында 8-апрелде каршы болгон депутаттардын бир бөлүгү добуш берүүгө келбей койду, келгени “макул” деп добуш берди. Бул башталышы гана. Мыйзам кабыл алынгандан кийин Ошко, Бишкекке дагы кумаркана ачуу боюнча толуктоолор кире баштайт”,-деди Момбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары добуш берген 21-апрель күнү кумарканалар боюнча Садыр Жапаровдун пикири дагы белгилүү болду. Мамлекет башчысынын расмий сайтында президенттин төмөнкү цитатасы жарыяланды:
"Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы "кара пиар" жасап жатышат".
Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Буга каршы болгондор кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга кириптер кылып, ошондой эле 11 миңден ашык жумуш орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан. Кийин “Манас”, “Ош” аэропортторуна жана Ысык-Көл, Баткен облусунун аймактарына кумаркана ачуу сунушталган.
Журналист Семетей Талас уулу кылмыштуу топтор кумарканалардын ачылышын көмүскө сүрөп жатканын айтты.
“Негизи эле казинолорду кримчөйрө башкарып келген. Дүйнөлүк тенденция ушундай. Кумаркана бир гана адамдар акча уттуруп, же утуп алган жай эмес. Казино – баңгизаттардан, коррупциядан түшкөн акчаларды адалдай турган жай. Мисалы кримчөйрөнүн өкүлү мыйзамсыз тапкан акчасын атайын казиного уттуруп, аны кайра чет өлкөдөн чечип алышы толук мүмкүн. Жыйынтыгында казинодон тапкан акчасы катары көрсөтүп койот. Бул система Бакиевдин заманында жолго коюлган”.
Кумарканаларга жол ачкан мыйзам долбооруна ылайык, Ысык-Көлдөгү казинолорго Кыргызстандын жараны кире албайт. Бирок расмий статистикада башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңге чамалады. Алардын 425 миңден ашыгы Орусиянын жана Кыргызстандын паспортун көтөрүп жүрөт.
“Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев мыйзамда мигранттар эске алынбай калганын айтат.
“Кыргызстандын жарандыгынан чыкпай туруп орус паспортун алган кыргызстандыктар аябай көп. Жумушуна байланыштуу Казакстандын жарандыгын алган мекендештерибиз дагы толуп жатат. Алар Кыргызстанга байма-бай каттап турат жана бир бөлүгү бул жакта туруктуу жашайт. Ошол мигранттар Орусиянын паспорту менен кумарканаларга кире алат да. Мыйзамда чектөө жок. Алар чет жактан чогулткан акчасын уттуруп койсо кандай болот?”.
Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков даярдаган. Эки депутат сунуштап, президент колдоого алган мыйзам долбоору коомчулук сынга кабылды. Документ келерки жумаларда экинчи жана үчүнчү окууга чыгарылат.
Көл жээгиндеги Лас-Вегас
Эки депутаттын демилгесине ылайык, "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонуп жатат. Кыргыз өкмөтү адистештирилген административдик районго мамлекеттик жана муниципалдык мүлкүн, ошондой эле менчигинде турган жер участокторун жөнөкөйлөтүлгөн, жеӊилдетилген шарттарда өткөрүп берет. Ошондой эле ал жерге чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнүнө шарт түзүлүп, визасыз чек ара жол-жобосу колдонулат. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт.
Депутат Дастан Жумабеков мыйзам долбоорунун максатын мындай деп түшүндүрдү:
“Мамлекет өзү долбоор иштеп чыгып административдик райондун аймагын аныктап берет. Ошол жерге инвесторлор казино, мейманкана жана ресторандарды салат. Кумар оюндарына кызыккан чет өлкөнүн жарандарына чартердик рейс менен Ысык-Көлгө келип-кеткенге мүмкүнчүлүк түзүп берип атабыз. Ушундай жол менен бюджетке миллиарддаган сомдор түшөт. Эгерде казиного кыргызстандыктар киргизиле турган болсо, анда ал кумаркананын лицензиясы алынат”.
Мындан тышкары долбоордун негиздемесинде оюн-зоок жайларынын штаты 23 жашка чыккан кызматкерлерден турушу керек экени жазылган. Алардын кеминде 50%, анын ичинде жетекчи жана башкаруучу кызмат орундагылардын 10% Кыргызстандын жарандары болушу керек.
Кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө жол ачкан атайын административдик райондун аймагында алынган кирешенин 40% Кыргызстандын бюджетине, калганы инвесторго тиешелүү болот.