Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:52

Кумаркана ачууга жол берген мыйзам долбоору колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети 6-апрелде Ысык-Көлдө кумаркана салууга жол ачкан мыйзам долбоорун колдоду. Документтин авторлору анда казино оюндарына чет өлкөлүктөр гана киргизилет деген жобо бар экенин айтып, казынаны толтурууга кошумча киреше болот деп негиздеп келет.

Бишкек шаарынын тургуну Марат Салбаев баш калаада кумарканалар көмүскөдө, жашыруун иштеп жатканын айтып берди. Ал жакында эле казиного барып, 100 миң сомун уттуруп жиберген.

“Чогултуп жүргөн акчам болчу. Ага чейин 3-4 жолу барып утуп чыккам. Бирок акыркысында жолум болбой койду. Бишкектеги жашыруун иштеген казинолор толтура. Ал жерге кирүү да оор. Мен тааныштарым менен барып, азгырыктан чыга албай калдым”.

Кыргызстанда кумар оюндарына мындан тогуз жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 6-апрелде Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүүнү караган мыйзам долбоорун талкуулап, аны жактырды. Документ эми парламент жыйынында биринчи окууда каралат.

Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков даярдаган. Анда көлдөгү "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерге бир нече мейманканасы менен казино куруу каралган. Ошондой эле кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага жергиликтүү жарандар киргизилбейт деген жобо бар.

Турусбеков демилге ишке ашса, ондогон жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке тыгынчык болот деп ишендирип жатат. Ал кумарканалар иштеп турган жылдары бюджетке жыл сайын 600 миллион сом түшүп, 1200 киши иш менен камсыз болуп турганын белгиледи.

“Бул мыйзам долбоору башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен даярдалды. Ошондуктан кумар оюндарына уруксат берген мыйзамды кабыл алсак, Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизбейт”.

Депутат Ысык-Көл облусу туристтик аймак болгондуктан тандалып алынганын кошумчалады.

Буга чейин мындай жайларды Баткенде ачуу демилгеси көтөрүлгөн. Депутаттар арасында аталган аймакты да сунуш кылгандар бар.

Парламент комитети жактырган долбоордо казинолорду инвесторлор салат деген жобо бар. Ошондой эле кирешенин 40% Кыргызстан, калганын инвесторлор алат.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев кумарканаларга кайрадан уруксат берүү маселеси буга чейин деле байма-бай көтөрүлүп келгенин белгиледи.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“2019-жылы сентябрь айында бул мыйзамды мен да сунуштагам. Ошол кезде кумарканаларды “Манас” аба бекетинин жанында ачуу маселеси көтөргөм. Бирок бир нече депутат бул мыйзамды көтөрбөй эле коюшумду суранышкан. Ал эми силер демилге кылып жаткан мыйзамда “салыктан бошотуу” тууралуу жазылган экен. Менимче, бул туура эмес. Мыйзамдын максаты бюджетти толтуруу болгондон кийин салыктар болушу керек”.

Турусбеков мыйзам долбооруна кошумчалар, толуктоолор киргизилерин белгиледи.

Казинолорго мыйзам тыюу салган учурда кумарканалардын ээлери кирешеден куру жалак калганын айтып чыгышкан. Мындай жайларда иштегендер да нааразылык акцияларын уюштурушкан.

Экономист Кайрат Итибаев кумарканалар бюжетке тыгынчык болот деген жүйөнү мындайча чечмеледи.

“Кумарканалардын Кыргызстанга тийгизген таасирин үч фактор менен карасак болот. Биринчиси - лицензиясы болушу керек. Экинчиден, кошумча нарк салыгы 12% түзүшү шарт. Үчүнчүсү - ал жерде иштеген жумушчулар Кыргызстандын мыйзамы менен иштеши абзел”.

Кумар оюндарына кайра уруксат берүүгө каршы чыккандар да көп. 2000-жылдары казинолор активдүү иштеп турганда акчасын уттурган жарандардын жакындары бир нече жолу митинг өткөрүшкөн.

Шаар тургундары кумарканалардын азгырыгынын айынан көчөдө калгандар көбөйгөнүн айтып чыгышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов казиного каршы чыккан депутаттардын бири.

Бакытбек Жетигенов.
Бакытбек Жетигенов.

“Кумарканаларды мыйзамдаштырып ачып алуу аракети болуп жатат. Кыргыз жарандары ал жайга барбайт деген кепилдик жок. Демилгечилер “бюджетке акча түшөт” деген шылтоону айтып жатышпайбы. Казынаны арам акча менен эмес, өндүрүш ачып же башка каражаттар менен толтурса болот эле да. Бюджетте турган акчаны талатып-тонотпой, туура пайдаланыш керек. Казинолордун айынан канчалаган үй-бүлө бузулуп, коомго бир топ залакасын тийгизди эле. Эми ошол көрүнүш кайра кайтып келет”.

Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынгандан кийин бинардык опцион катары ачылган жайлар көбөйө баштаган. Бирок алардын аты башка болгону менен, ичинде кадимкидей эле кумар оюндары бар экени айтылып жүрөт. Алардын ишмердүүлүгүнө мыйзам жолтоо боло албайт.

Укук коргоо органдары маал-маалы менен башка аталыш менен иштеп жаткан кумарканаларга рейд уюштуруп турат.

XS
SM
MD
LG