Абактан акча төлөп чыккандар
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу 2020-жылдын октябрь айынан бери мамлекетке 5 млрд. сомдон ашуун каражат түшкөнүн жарыялады. Алардын 3 млрд. сому акчалай, калганы мүлк түрүндө берилген. Каражаттар тергөө амалдары бүткөнгө чейин, УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгынан кийин толугуну менен мамлекеттик казынага салынат.