Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыккан. Бул окуя териштирилип жатат. 11-апрелдеги жергиликтүү шайлоодо биринчи жолу республика боюнча аялдардын 30 пайыз квотасы колдонулду.
Орок: Эркек депутаттарды нааразы кылган 30% квота
Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыккан. Бул окуя териштирилип жатат. 11-апрелдеги жергиликтүү шайлоодо биринчи жолу республика боюнча аялдардын 30% квотасы колдонулду. Айрым аймактарда аялдар 50 пайызга чейин добуш алган. Шайлоодогу гендердик курам боюнча иликтеген топ маалымат жыйында квотадан тышкары, чоң көрсөткүчтү алган аял депутаттар болгонун белгиледи.