Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:28

АКШда афроамерикалыктын өлүмү калайман башаламандык жаратты


АКШнын Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында дүйшөмбүгө караган түнү полициянын колунан каза тапкан 20 жаштагы афроамерикалык Данте Райттын өлүмүнөн кийин калайман каршылык акциялары болду.

11-апрелде жүздөгөн адам Миннеаполистин четиндеги Бруклин-Сентер шаарчасында полициянын кеңсесинин жанына чогулуп, ортодо кагылыш орун алды.

Анда полиция жаш агызчу газ менен кулак тундурган граната колдонду. Демонстранттар полициянын эки машинесин ташбараңга алышты. Бул окуя тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Полиция Данте Райтка кандай жагдайда ок жаңылганы тууралуу маалымат берип, окуяны "күтүүсүз кырсык" деп атады жана каршылык акциясына чыккандарды зордук-зомбулуктан карманууга чакырды.

Баштапкы тергөө материалдарына ылайык, полиция афроамерикалыкты машинеси менен жол эрежесин бузганы үчүн токтоткон, документтерин текшере келгенде, аны камакка алуу тууралуу ордер бар экени аныкталган. Райт полицияга баш бербей качууга аракет кылган. Бул учурда полиция кызматкери анын машинесин карай ок чыгарган. Райт бир нече көчөнү аралай качып, башка бир машинени сүзүп, токтогон. Алган жаракатынан улам ошол жерде үзүлгөн.

Былтыр май айында аталган штатта полиция күч менен кармаганда мерт болгон дагы бир афроамерикалык Жорж Флойддун окуясынан улам АКШда тоз-тополоң менен коштолгон калайман каршылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG