Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Ошто "Клооптун" байкоочусу менен журналистине кол салуу болду


Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүүгө багытталган референдумдун жүрүшүнө көз салган «Клооп» медиасынын байкоочусуна жана журналистине Ош шаарындагы №5304 добушканада кол салуу болгону кабарланды. «Клооп» сайтынын өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиришкендей, аларга үч киши кол салып, телефонун тартып алган.

Маалыматка караганда, байкоочу менен журналист учурда милицияда арыз жазып жатышат.

Кол салганы айтылган үч киши да аларга каршы арыз менен милицияга кайрылганы белгилүү болду.

«Кол салгандар кимдер экенин билбейм. Алар (байкоочулар) эмнеге олтурасыздар, кимсиздер деп сурап баштаганда эле дароо телефонун тартып алып, жулкулдатып баштаган. Кайра өздөрү милицияга барып арыз таштаптыр. Биз да азыр арыз жазып атабыз», - деди «Клооп» медиасынын жактоочусу Мухайё Абдураупова.

Милиция ишти Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен тергей баштаганын маалымдады.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттоого алууда. Учурда медианын 3000 байкоочусу жер-жерлерде иштеп жатат.

Ош шаарында жана облуста саат 15:00гө карата шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө 21 маалымат милицияда катталды. Алардын басымдуу бөлүгү добуш сатып алууга тиешелүү. (DU)

XS
SM
MD
LG