Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Франция вакцинанын кош үлүшүнүн аралыгын узартууда Улуу Британиянын жолоюна түштү


Француздар эмдөө жайында кезек күтүп отурушат. Нице шаары. 2021-жылдын 13-марты.
Француздар эмдөө жайында кезек күтүп отурушат. Нице шаары. 2021-жылдын 13-марты.

Франция бийлиги өлкөнүн «COVID-19» илдетине каршы эмдөө программасын тездетүү үчүн «Pfizer / BioNTech” жана «Moderna” компаниялары тарабынан чыгарылган вакциналардын биринчи жана экинчи ийнелеринин ортосундагы мезгилди узартат.

Франциянын Саламаттык сактоо министри Оливье Веран 11-апрелде «JDD” гезитине билдиргендей, жогорудагы компаниялар чыгарган коронавируска каршы вакциналардын экинчи ийнеси эми төрт аптанын ордуна алты аптанын аралыгында сайылмакчы.

"[Бул] бизге коргоону азайтпастан туруп, тезирээк эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет", – деп министр алиги гезитке айтты.

Эмдөө жүрүмүн өтө жай баштаганына карабастан, Франция бул жүрүмдү тездетип, эмитеден эле 10 миллион кишиге алгачкы ийнени саюуга үлгүрдү. Бул чекке ал апрелдин ортосунда жетишүүнү көздөгөн болчу. 16-апрелдин ортосунан тартып 60 жаштан улуу карыяларды жапырт эмдөө чаралары каралган.

Ар кыл өлкөлөр дүйнөдөгү вакцина таңкыстыгынын кырдаалында коронавирустун андан ары жайылышына каршы өз алына жараша күрөшүп жаткан мезгилде, айрым саламаттык сактоо адистери бул илдетке каршы вакцинанын алгачкы жана экинчи ийнесин саюунун ортосундагы убакытты узартууну жактап чыгышты.

Мындай көз-караш эмдөөнүн биринчи ийнеси кишини эки аптадан кийин алааматтуу оорудан кыйла ишенимдүү коргой тургандыгын айгинелеген бир катар сыноолордун жыйынтыгы аркылуу колдоого алынды.

Улуу Британия мындай чечимди «Pfizer / BioNTech”, «Moderna” жана “AstraZeneca” компаниялары өндүргөн вакциналарга карата кабыл алган. Өлкө бийликтери бул вакциналардын алгачкы ийнесинен кийин экинчисин (жыйынтыктоочусун) алууга ал түгүл 12 аптага чейинки мөөнөттөгү аралыкты сунуштады.


Бул ыкма өлкөдөгү калайыктын азабын берген коронавирустун жаңы түрүнүн ыкчам жайылышынын шартында жалпы калктын үчтөн биринен көбүрөөк бөлүгүн алгачкы ийне аркылуу тез арада эмдөөгө мүмкүнчүлүк берди.

9-апрелге карата Улуу Британияда 37,21 пайыз киши коронавируска каршы алгачкы ийне сайдырып эмделди (экинчи ийнени 9,60 пайызы алды) жана дүйнөдө үчүнчү орунга чыкты. Бутан – биринчи орунда (экинчи ийнени 60,84 пайыз алды), Израил – экинчи орунда (экинчи ийнени 53,46 пайызы алды) келе жатат. Төртүнчү орунда – Чили турат. (TT)

XS
SM
MD
LG