Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Министрлик: эмдөө коронавирус менен ооруп айыккандарга дагы пайдалуу


Кыргызстандык дарыгер.
Кыргызстандык дарыгер.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги COVID-19 менен ооруп айыккандардын иммунитети канча сакталары белгисиз экенин белгилеп, алар вирусту кайра жуктуруп алышы мүмкүндүгүн эскертти. Министрлик “Фейсбуктагы” баракчасына “коронавирус менен ооруп айыккандар үчүн эмдөө зарыл эмес” деген мазмундагы сөздөр такталбаган имиш экенин жазды.

“COVID-19 менен ооруп айыгып чыккандар үчүн дагы эмдөө пайдалуу болот”, - деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин президент Садыр Жапаров да вакцина албай турганы, анын антиденече көрсөткүчү жогору экени расмий кабарланган. Өкмөттүн басма сөз кызматы ушундай эле себептен улам премьер-министр Улукбек Марипов дагы азырынча вакцина албасын билдирген.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта баштады. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Ага Кытайдын SinoPharm компаниясынын вакцинасы колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет. (TSh)

XS
SM
MD
LG