Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

"Жалпы иш": Бишкек жана Ош шаарларында кооптуу абал байкалууда


 Парламенттик шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.
Парламенттик шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.

"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык боюнча мониторингдин жыйынтыгын жарыялады.

Уюм шайлоо жана референдум расмий дайындалган 15-марттан 4-апрелге чейин саясий партияларды каттоонун жол-жоболору, шайлоо комиссияларын иши, шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана жаңыртуу, үгүт иштери, мыйзам бузуулар боюнча байкоо жүргүзгөн.

Анда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо атаандаштык курч жүрүп жатканы белгиленген. Шайлоонун алдында өлкөдөгү коомдук-саясий абал салыштырмалуу тынч экени, жергиликтүү аймактарда кооптуу абал эки жерде байкалып жатканы айтылган.

"Биринчиси, Ош шаарында саясий партиялардын курчуп кеткен мамилелеринен улам. Ал эми экинчиси, Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаалдан жана курч ат салышуудан улам байкалууда", - деп жазылган аталган уюмдун билдирүүсүндө.

Ошондой эле айрым аймактык шайлоо комиссиялары арыздарды жана даттанууларды дайым эле белгиленген мөөнөттө карабай турганын, ушул жагдайларды эске албаганда жалпысынан шайлоону уюштурууда олуттуу эреже бузуулар байкала электигин белгиледи.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (NT)

XS
SM
MD
LG