Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:18

Султанбеков Жапаровго: Сизди репутациясы күмөн санаткан адамдар курчап алышты


Темирлан Султанбеков, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Темирлан Султанбеков, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

«Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан жаш саясатчы Темирлан Султанбеков президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, аны аброю күмөн санаткан адамдар курчап алганын айтты.

«Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган ачык кайрылуусунда Султанбеков Жапаровду абактан бошотуу керек экенин дайыма айтып, ал элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кыларына ишенип келгенин билдирди жана күмөн санаткан кеңешчилерин атап чыкты.

Султанбеков Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов буга чейинки бийлик учурундагы «Икрам Илмиянов менен Төрөбай Зулпукаровго айланганын», дагы бир депутат, өлкө жетекчисине кеңешчи болуп дайындалганы айтылган Акылбек Жапаровдун 268 миллион сом боюнча кылмыш иши алигүнчө жабыла элек экенин эске салды. Ал башкы прокурор болуп дайындалган Курманкул Зулушев бийликти экс-президент Жээнбековдун колуна топтоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу демилге көтөрүп чыккан саясатчы болгонун жазды.

Мунун баарын айсбергдин чокусу гана катары мүнөздөгөн саясатчы колдоого аларлык дайындоолор да бар экенин белгилеп, айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жана билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевди атады.

Султанбеков Жапаровго жардамын берүүгө даяр экенин билдирип, өзүн кеңешчилик кызматка сунуш кылды. Айлык маянасыз, кызматтык машинасыз жана башка шарттарсыз иштеп берүүгө макулдугун билдирген саясатчы азыркы кеңешчилеринен айырмаланган пикирин айтып турарын белгиледи.

Жапаров бийликке парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризис учурунда келди. Азыр ал президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы кызматында.

Султанбековдун сунушуна азырынча расмий жооп же комментарий боло элек.

Анын кайрылуусунда аты аталган саясатчылар да жообун айта элек.

23-октябрда Жапаров «Фейсбуктагы» расмий баракчасы аркылуу элге кайрылып, «эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат» деп билдирди. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG