Кыргызстан тараптан «Ак-Жол» деп аталган, Казакстан тараптан «Кордой» аталган өткөрмө бекеттер 2-апрелде эки тараптуу ачылды. Аталган бекеттер эки тараптуу кеңейтүү үчүн былтыр февралда, коронавирус жайылардын алдында жабылган. Кыргыз өкмөтү эми бул бекеттерден адамдар менен автоунаалар өтсө болорун, бирок, коронавируска байланыштуу чектөөлөр кала берерин эскертти.
Кыргыз-казак чек арасындагы эң чоң «Ак-Жол» өткөрмө бекети бир жыл оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайра ачылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын маалыматына караганда, көзөмөл-өткөрүү пунктун оңдоого 305 млн. сом жумшалды.
Буга чейин бекеттен күнүнө 10 миңге чейин адам каттап, 1,5 миңдей автоунаа өтчү. Туристтик мезгилде жүргүнчүлөрдүн саны 35 миң, ал эми машиненин саны 2,5 миңге чейин жетип турган. Оңдоп-түзөтүүдөн кийин суткасына 35 миңден ашык адам, 5 миңдей транспорттук каражат өтө алат.
Премьер-министр Улукбек Марипов 2-апрелде «Ак-Жол» бекетинин ачылышында сүйлөп жатып, капиталдык курулуштан өткөн пункттун экономикалык маанисин белгиледи.
«Биринчиден, ЕАЭБдин алкагында биз акыркы жылдары Чүй жана Талас жергесинде өткөрүү пункттарын бир топ модернизация кылдык. Алардын ишин жогорулаттык. Мунун натыйжасында элибиздин, ошондой эле товарлардын өтүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Айрыкча ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттары ачылды. «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» пункттарында товарларды эсепке алуу кызматтары иштеп баштады. Ошондой эле «Бишкек-1», «Аламүдүн», «Кара-Балта», «Кара-Суу», «Маймак» темир жол станцияларында да ушундай пункттар ачылды».
«Ак Жол», «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» жана «Каркыра» бекеттеринен адамдар, транспорт каражаттары, жүк өткөрүлөт. Чек ара кызматы коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстанга барууда буга чейинки чектөөлөр күчүндө экенин эскертти. Казакстанга ооруканага бараткандар, дипломаттар, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен атайын уруксат алган адамдар гана киргизилет.
Ал эми коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстанга эч чектөөсүз каттай алат. Чек ара кызматы муну Казакстан эпидемиологиялык абалы туруктуу делген мамлекеттердин катарында экени менен түшүндүрдү.
Ушул эле күнү Казакстандын «Кордой» өткөрмө бекети да реконструкциядан кийин ачылды. Эки өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылышына Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты.
«Жаңыртылган «Кордой», «Ак-Жол» өткөрмө бекеттери заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Эми автоунаалардын өтүшү 2,5 эсеге, адамдардын өтүшү төрт эсеге чейин көбөйөт. «Бул объектилердин ишке кириши чек арадагы ынтымакты бекемдеп, экономикалык алаканы тереңдетет деген ишенимдемин», - деди Аскар Мамин.
Эки өлкөнүн премьер-министрлери андан соң Казакстандын Кордай айылында жолугуп, кызматташуу тууралуу сүйлөштү. «Ак-Жол» өткөрмө бекетинде буга чейин жарандардын паспортторун текшерүү үчүн 8-12 гана жай иштечү. Эми алардын саны 38ге көбөйтүлдү. Чек ара кызматынын турак жай пайдалануу башкармалыгынын башчысы Жаныбай Юсубалиев документ текшерүү кабиналары тууралуу мындай деди:
«Азыр Кыргызстандан Казакстанга кирген бир тарабында 19 орундуу кабина бар. Ал эми Кыргызстанга кирген жагында да 19 кабина иштейт. Ичинде жалпы 38 документ текшерүү жайы иштейт. Андан тышкары айдоочулардын паспортун текшерүү үчүн сыртта 14 кабина бар. Мурда ал сегиз эле болчу».
«Ак-Жол» бекетинде буга чейин Казакстанга баратканда жана коңшу өлкөдөн Кыргызстанга кире беришинде эки-экиден төрт каттам болчу. Эми алардын саны сегизге чейин көбөйдү.
Бишкектен 30 гана чакырым аралыкта турган "Ак-Жол" кыргыз-казак чек арасындагы эң чоң жана негизги өткөрмө бекети. Кыргызстандыктар Орусияга кара жол менен Казакстан аркылуу каттаса, бир катар өлкөлөрдүн визасын алуу үчүн Алматы жана Нурсултанга барууга да аргасыз. Казакстандыктар болсо, жайында Ысык-Көлгө миңдеп агылат жана чек аралаш Кордай районунун тургундарынын көбү Бишкекте окуйт же иштейт.
Кыргызстандан Казакстанда адамдар жеңил машинелер менен оор жүк ташыган автоунаалар өтүүдө утур-утур кыйынчылыктар жаралып келет. Айрыкча 2017-жылы дал ушул «Ак-Жол» өткөрмө бекетинде узун кезек болуп, адамдар бир нече сааттап жөө жана автоунаа менен өтө албай кыйналган.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунда оор жүк ташыган автоунаалардын кезеги көп болот. Байкоочулар анын себебин Казакстан тарап машинелерди текшерүүнү күчөтүп, себепсиз узак убакыт кармаганы менен байланыштырып келишет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев бул маселе тууралуу «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү билдирди:
«Ар кандай тыгындар жана кезек күтүүлөр болуп жатат. Мен бир эле Казакстанды күнөөлөп, алар өткөрбөй жатат дегенден алысмын. Себеби, чек ара боюнча өкүлдөр сүйлөшүп шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Бирок, бир саатта 10 машине өтүш керек болсо 20-30 машине келип калып тыгын болуп калууда».
Кыргыз-казак чек арасында «Ак-Жол», «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра», «Токмок» бекеттери жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.