Жалал-Абаддын Ноокен райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун “Тез жардамында” иштеген Зиёдбек өзү жашаган Киров кыштагында айылдаштарынын ишенген догдуру. Башы ооруганы да, кан басымы көтөрүлгөнү да, жыгылып жаракат алганы да адегенде ага кайрылып, анын сунушу менен же ооруканага, же адистешкен дарыгерге барышат.
“Мен 2007-2008-жылдары айылдагы Фельдшердик-акушердик пунктта иштегем. Ал учурда кишилер дене табы ашып жатса да ооруканага барышчу эмес. Азыр саламаттыкка көңүл буруу маданияты кыйла өскөн. Адамдар ден соолугуна кайдыгер эмес”,- дейт Зиёдбек.
Кара-тору, кең далылуу бул жигит менен айылдагы жолдун боюнда эле маектештим. Ал менин жаныма ат минип келди. Өзү менен кошо дайыма медициналык зарыл каражаттар салынган баштык ала жүрөт экен. Элет жеринде оорулуу кишилерден да кээде атчан, кээде машине айдап, айрым учурларда жөө эле кабар аларын айтып отурду.
Жарым сааттык маектин жүрүшүндө ага бир топ киши телефон чалды. Баласы ооруп калган келинге, кан басымы ашкан байкеге, эртең менен борбордук эмканага анализ тапшырууга барышы керек болгон жигитке кеп-кеңештерин айтып отурду. Мунун баары акысыз. Анткени, биринчиден, айылдаштары, экинчиден, кесибине берилгендик, деп чечмелеп койдум.
Зиёдбектен интервью алууда максат - коронавируска каршы айылдагы күрөш, элеттик догдурлардын жагдайы тууралуу билгим келген.
“Коронавирустун алгачкы учурлары Кыргызстанда 2020-жылдын март айында аныкталбадыбы. Мен байкагандан, биздин Ноокен районунда июлга чейин адамдардын көбү бул оорунун бар экенине ишенишкен жок. “Бул саясий бизнес” дегендер болду. “Догдурлар медициналык каражат сатып байыганы жатышат” деген имиштер тарады. Кийин эле ооругандар көбөйүп, дээрлик бардык үй-бүлөдөн кишилер ооруй баштаганда, айрым бейтаптар кайтыш болгондо гана жугуштуу дарт келгенине ишеништи”.
Зиёдбек негизги жумушунан тышкары өз айылында коронавируска каршы ыктыярчы болуп да жүрөт. 2020-жылы илдет апааттай каптап, эл алапайын таппай калган кездеги кыйынчылыктар жөнүндө айтып берди:
“Андай учурда медицина кызматкерлери өтө түйшүк тартышты. Анткени, жоопкерчилик аларга жүктөлөт да. Мен мисалы, “Тез жардамда” кечки нөөмөтчүлүктө иштеймин. Күндүз эс алышым керек. Бирок ал учурда эс алуу болбоду. Үйгө келем, айылдагы кишилер мага чалышат, кеп-кеңеш сурашат. “Мага жугуп калбаса экен” деген чочулоо да жоголуп кетти. Ушул оору кетсе экен деп эле калбадыкпы. Ооругандар көбөйүп кетти. Ооруканалар толуп калган. Үйдө жаткандар толтура. Алардын жакындары түн жарымда деле чалышат, таңга жуук да чалышат, жардам сурашат”.
Зиёдбек айрым бейтаптар анын көз алдында кайтыш болгонуна кайгырып, дарысы жок дартка каршы күрөш жараянын сүйлөп отурду:
“Дене табын түшүрө турган антибиотиктер бар эмеспи. Тажрыйбалуу дарыгерлер менен кеңешип, ылайыктуу деп тапсак бейтаптарга ошол дарыларды бердик. Саламаттык сактоо министрлиги айткан эрежелерди сактаганга аракет жасадык. Ак халатчандар чыныгы мааниде элдин үмүтүнө айланды. Ошентип отуруп өзүм да ооруп калдым. 20 күн катуу ооруп, айыктым”.
Элеттик медиктерди кыйнаган дагы бир түйшүк – коронавируска каршы эрежелерди элге жеткирүү. Зиёдбек жумушта тажрыйбалуу дарыгерлерден уккан кеп-кеңештерин айылга келип, жашоочуларга айтып берет:
“Бир жарым метр аралыкты сактоо, беткап тагынуу эрежесин элге жеткирүү негизги милдетибиз болду. Бирок аны аткаргандар аз болду. Бир күнү үй салып жаткан усталардын алдынан өтүп баратып, беткап тагынууларын сурандым. Өзүм беткапчанмын. Алар “Беткап бизнесиңерди жайылткыла ушинтип”, деп мени шылдың кылышты. Элге тегиз түшүндүрүү кыйын экен. Ошентсе да, токтотпой айтып келатам. Милдетим эмеспи”.
Зиёдбектен “Кыйналган учурда ишиңди таштап кеткиң келеби?”, деп сурасам, “жок” деп так кесе жооп кайтарды:
“Жумушумдан эч качан көңүлүм калбайт. Бул менин ишим, өзүм каалап тандаган кесибим. Коронавирус аябай жайылган күндөрү бейтапканада күнүгө жыйын өтүп турду. Башкы дарыгер, анын орун басарлары, башкы медайым бизди чогултуп, “элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө” дешет. “Өзүңөргө оору жуктуруп албагыла, элге оору тууралуу телефондон маалымат берип, беткап тагынып, антисептик колдонууну такай айтып тургула” деп дайындашат. Бул оору медиктерди моралдык жактан эзип да жиберди. Айла жок, күрөшө беребиз. Мээнеттин акыбети кайтып, коронавирустан арылган күнгө да жетебиз. Негизгиси, жакшы ниет”.
Медицина тармагында он жылдан ашуун иштеп келаткан Зиёдбек азыр 36 жашта. Төрт баланын атасы.
“Биздин айылдагы ФАПта эки медайым, бир фельдшер эмгектенишет. Баары өз ишин мыкты билген адистер. Мен райондун борборунда иштейм. Айылдаштарым мага да тынбай кайрылып турушат. Айрыкча эркектер көп кайрылышат. Колдон келген кеңешимди берем, анализ тапшырууну, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүнү айтам. Өз алдымча дарылап жибере албаймын. Эгер дарыгердин уруксаты менен ийне саюу же башка медициналык жардам зарыл болсо, көмөктөшөм. “Тез жардамда” нөөмөтүм үч күндө бир келет. 8-9 миң сомдун тегерегинде айлык алам. Аны аз же көп деп айта албайм. Кошумча киреше табуу үчүн дыйканчылык менен алектенем, мал чарбам бар”.
Табиятынан тамашакөй фельдшер жигит башкалар менен тез эле тил табышып кетет экен. Сөз арасында кишилер медицина кызматкерлерин балдарына жаман көрсөтүп, “догдур келатат” деген чоочуткандарды, ак халатчандарды жеткинчектерге “терс каарман” катары тааныткандарды сындап өттү.
“Биздин айылда деле “Зиёдбек келатат!” деп балдарын коркуткандар бар. Ушул туура эмес. Догдурларды киши жегичтей көрсөтүп, балдарды коркутпашы керек. Тескерисинче, “сен ооруганда ушул дарыгер айыктырган” деп жакшы мүнөздөмө беришсе дейм. Зиёдбек элге капа экен деп түшүнүп калышпасын. Сунушумду, оюмду айтып жатам”.