Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

COVID-19: Косово – эмдөөгө кирише турган Европадагы акыркы өлкө


Коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды караган дарыгер. Приштина, Косово. 2021-жылдын 11-марты.
Коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды караган дарыгер. Приштина, Косово. 2021-жылдын 11-марты.

Балкандагы чакан Косово жумурияты – коронавируска каршы эмдөө программасын баштаган Европадагы акыркы өлкө болуп калды. Ал “COVID-19” илдетине каршы вакцинанын алгачкы дозаларын сырттан алды.

Косово 28-мартта “COVAX” демөөрчүлүк программасы аркылуу “AstraZeneca” вакцинасынын 24 миң дозадан турган биринчи үлүшүн алды.


Балкандагы мурдагы Югославиянын бөлүгү болгон бул өлкө жогорудагы эл аралык демөөрчүлүк программасы аркылуу жалпы 100 800 дозада вакцина алат.

Премьер-министр Албин Курти өкмөт эмдөө иштерин дароо жүргүзө баштай тургандыгын билдирди.

Албания Косовонун 200дөй дарыгерин "COVID-19" илдетине каршы эмдеди. Кукес шаары, Албания. 2021-жылдын 20-марты.
Албания Косовонун 200дөй дарыгерин "COVID-19" илдетине каршы эмдеди. Кукес шаары, Албания. 2021-жылдын 20-марты.

46 жаштагы Курти мырза Косово бай мамлекетке жатпастыгын айтып, өлкө коронавируска каршы күрөштө эл аралык коомчулуктун, – айрыкча АКШ жана Европа Биримдигинин, – көмөгүнө өзгөчө муктаж экендигин баса белгиледи.


Быйылкы 14-февралдагы парламенттик шайлоодон кийин Косовонун саламаттык сактоо министри кызматына жаңы эле киришкен Арбен Вития мырза биринчи кезекте өлкө дарыгерлери эмдөөдөн өтө тургандыгын айтты.

Вашингтон жана Брүссел – «COVAX” программасына салым кошкон негизги демөөрчүлөр. (TT)

XS
SM
MD
LG