Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилди. Бул тууралуу 26-мартта “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Ташкентте өткөн делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Ташиев мындан ары ортодо талаштуу деген тилкелер болбой турганын белгиледи.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталганы буга чейин айтылып келген.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликитүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG