Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:20

«Дубай ЭКСПО-2020»: Кыргызстандын көргөзмөдөгү орду даяр болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Дубай ЭКСПО-2020» эл аралык көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын орду даяр болду. Бул тууралуу 26-мартта "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Элмира Батаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын павильонунун аянты 230 чарчы метр болот, аны уюштуруучулар куруп беришти:

“Ички дизайны даяр. Соода-өнөр жай палатасы улуттук оператор катары учурда даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. Экспонаттарды жана таркатуучу маалыматтарды камдап койдук. Орнотуу иштерин ушул жылдын сентябрь айында баштайбыз. Ал жакка алып барчу экспонаттардын тизмесин тактап жатабыз. Көргөзмө 1-октябрда башталат. Экспонаттарды жеткирүү апрель айына пландалууда. Ага уюштуруу комитети көмөк кылат”.

Батаева кошумчалагандай, Кыргызстандын павильону улуттук колоритте жасалгаланды.

Экспонаттардын басымдуу бөлүгүн көчмөн калктын жашоосун чагылдырган жасалгалуу боз үй түзөт. Павильондун дизайны, графикалар, сүрөт жана видео материалдар, китепчелер өлкө тууралуу жалпы маалыматтарды камтыйт.

«Дубай ЭКСПО-2020» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү 2020-жылы өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкыга которулган. Көргөзмө Дубай шаарында 2021-жылдын 1-октябрынан 2022-жылдын 31-мартына чейин өтөт. Көргөзмөнүн аймагы 25 миллион киши келип көргөнгө ылайыкталган. Алардын 70% чет элдиктер. Иш-чарага 180 өлкө катышары айтылууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG