Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Кыргызстанда паспорт кризиси жаралды


Кыргызстандын жаңы паспортунун дизайны.
Кыргызстандын жаңы паспортунун дизайны.

Жалпы жарандык паспортту - чет өлкөгө чыгуу үчүн паспортту - даярдоо үчүн 4 миң актай бланк калды. Мындай кризиске жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт берүү кечигип жатканы себеп болууда.

Мамлекеттик каттоо кызматында жалпы жарандык паспортту (чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт) даярдоо үчүн 20 миң даана бланк калды. Анын 16 миңи учурда паспортко даярдалып жатат. Кыргызстанда айына орто эсеп менен 25-30 миңдей паспорт берилсе, анын 16 миңдейи жаңы алып жаткандар.

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү паспорттор май айында бериле баштайт, ага чейин төрт миң актай бланкты жеткиребиз деп ишенип турат. Мекеменин басма сөз кызматкери Дамира Азимбаева жалпы жарандык паспорт кандай шартта берилерин түшүндүрдү:

“Бланктардын саны жетпей калуу коркунучу болгондуктан, учурда аябай керек, “мына бүгүн өлкөдөн чыгып жатам” деп, ал мамлекетке сөзсүз жалпы жарандык паспорт менен баруу талабы, мурда таптакыр паспорт алган эмес болсо, ошол жарандарга гана берилет. Ошолорго гана жеткиргенге аракет кылып жатабыз”, - деди Азимбаева.

Мурда алгандардын мөөнөтү паспорттун ичине мөөр басып узартылат. Узартуунун мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартуу маселеси каралууда. Мамлекеттик каттоо кызматы Казакстан, Тажикстан жана Орусияга чыгып-кирген жарандар 2017-жылдагы ID-картаны колдонсо болоорун билдирди.

Паспорт кризисине ким жооп берет?

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү (ePassport) Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Кийин анын мөөнөтү апрелге, эми май айына жылып кетти. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы жаңысы берилет деп, эски паспортко бланк алган эмес.

Жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча тендерди Германиянын «Мюльбауэр» (Mühlbauer ID Services GmbH) компаниясы утуп алган. Бирок принтерлерге байланыштуу техникалык себептерден улам кечеңдеп жатат. Кечеңдөөнү мамлекеттик каттоо кызматы пандемия менен дагы байланыштырат.

Жаңы паспорт боюнча план ишке ашпай жатканы үчүн 9-мартта өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду иштен алган. 10-мартта Коомдук биринчи каналга берген интервьюсунда Марипов маселе 2-3 айда чечилет деп ишендиргенге аракет жасады.

Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

"Бул маселени элге ачык айтканыбыздын себеби - бир айда 40 миңдей жараныбыз паспортун жаңылайт. 2004-2006-жылдагы паспорттор мөөнөтүнө байланыштуу жаңыланып турат. Биз токтом кабыл алдык. 2004-2006-жылкы үлгүдөгү паспорттордун мөөнөтү автоматтык түрдө 1-сентябрга чейин узартылат. Казакстан менен Орусияга ID-карта менен чыксак болот. Түркия же башка Европа өлкөлөрүнө жалпы жарандык паспорт талап кылынат. Ошон үчүн муну чечип берип атабыз. Жаңы паспорт өзү келген. Бул жерде программалар, ошол компьютерде жазуу маселеси чечилбептир. Мамлекеттик каттоо кызматы 2-3 айда чечебиз деп сөз берди. Бул уюштуруучулук деңгээлдеги маселе. Ошол деңгээлде чечилет. Муну өкмөт толук көзөмөлгө алып турабыз. Өлкө башчысына да маалымат бердик", - деди Марипов.

Паспорт кризисинин кесепети оор болот

Кыргызстанда паспортко байланыштуу көйгөй алгачкы жолу болуп жаткан жок. Кыргызстанда биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон.

Паспорт маселелери боюнча адис, мурда кыргыз паспортторун жасап келген "Интел линкс" ишканасынын жетекчиси болгон Таалайбек Жумадыловдун пикиринде документ берүү мекемесинин башына кесипкөй адистер дайындалбагандыктан көйгөйлөр чечилбей жатат. Жумадылов азыркы паспорттун айланасындагы кырдаалдын кесепети оор болоорун эскертти.

Таалайбек Жумадылов.
Таалайбек Жумадылов.

“Эски паспорттун мөөнөтүн узартабыз деп жатат. Чет өлкөдө жүргөндөр кантип узартышат? Экинчиден, “узартылды” деген жазуусу бар паспортко виза алууда ишеним болобу? Анткени, өзүн сыйлаган Европа, АКШ визаны паспорттун мөөнөтү бүтөөрүнө үч ай калганда бербейт. Виза алууда маселе чыгат. Мен таң калып жатам. Жетекчилик кайда карап отурган? Бланк мынча калды деп божомолдосо болот беле? Бул шалаакылык, кылмыш иши козголушу керек. Мунун кесепети оор болот”, - деди Жумадылов.

Ал пандемиядан улам паспорт алуу басаңдап калганын, эми кайрадан эл аралык каттамдар жандана баштаса паспортко суроо-талап өсөөрүн белгилейт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 2020-жылы 825 528 даана паспорт даярдап, ээлерине тапшырган. Мунун ичинде ички, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломаттык паспорттор бар. 2018-жылы 916 миң паспорт жасалса, 2019-жылы 950 миңден ашуун паспорт даярдалган. 2017-жылдын май айынан бери 1,95 млн. биометрикалык ID-паспорт даярдалган.

Чет мамлекеттерге чыга турган жалпы жарандык паспорт биометрикалык үлгүдө болбогондуктан АКШнын администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген болчу. 2021-жылы март айында АКШнын Мамлекеттик департаменти 13 өлкөнүн жарандарына, алардын арасында Кыргызстан дагы бар, иммиграциялык виза берүү боюнча чектөөлөрүн алып салды.

Жасалма кыргыз паспорттору башка өлкөнүн жарандарынан, кала берсе эл аралык кылмышкерлерден чыккан учурлар бир канча жолу катталган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG