Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Паспорт тендеринде «Мүлбауэр» утту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир жылдан бери чуу менен коштолгон биометрикалык паспортторду даярдоо боюнча тендердин жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы Кыргызстанды бланктар менен камсыз кылат.

Кыргызстанда биометрикалык паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендердин жыйынтыгы 27-апрелде жарыяланды. Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, тендердик комиссиянын чечими менен германиялык «Мүлбауэр» компаниясы жеңүүчү деп табылган.

Мамкаттоонун өкүлү Дамира Азимбаеванын айтымында, быйыл февраль айында жарыяланган тендерге үч компания сунуш берген.

Мамлекеттик каттоо кызматы.
Мамлекеттик каттоо кызматы.

«Конкурска бардыгы болуп үч компания катышкан, - дейт ал. - Конкурстун биринчи этабында техникалык талаптарга жооп бербегенине байланыштуу компаниялардын бири сынактан четтетилген. Андан соң конкурстун жүрүшүндө «Мүлбауэр» жана «Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасынын» баа боюнча сунуштары каралды. Жыйынтыгында 27-апрелде «Мүлбауэр» компаниясы тендердин жеңүүчүсү деп табылды».

Маалыматка ылайык, германиялык компания паспортко бланк алып келиш үчүн 655 млн. 645 миң сом сунуш кылды. Ал эми экинчи орун алган «Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасы» кызматын 800 млн. сомго баалаган.

Мамкаттоо паспорт басып чыгарууга 973 млн. 123,5 миң сом бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Акыркы тендердин жыйынтыгы эки жагдайдан улам кызыгуу жаратууда. Биринчиден, 2018-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортту даярдоо боюнча тендер жарыялаган учурда «Мүлбауэр» компаниясы да катышкан. Ал сынактын жыйынтыгында литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы утуп чыкканда германиялык ишкана мыйзам бузулганын билдирип сотко кайрылган. Мунун акыры чоң ызы-чууга айланып, натыйжада тендер жараксыз деп табылган болчу.

Ал эми сынакты өткөрүүдө мыйзам бузулганы үчүн иш козголуп, Мамкаттоонун ошол кездеги жетекчилери жазага тартылды. Тагыраагы, мекеменин төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, акчалай айып салынган.

Кылмыш иши козголгон Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаикова изин жашырып, издөө жарыяланган. Бул чатакта УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Мына ушундай шартта экинчи жолу тендерге катышкан германиялык компания Кыргызстанда паспорт жасоо укугуна ээ болгону жатат.

Ал эми экинчи жагдай болсо Кыргызстандын жарандарынын эркин жүрүшүнө тиешелүү. Тактап айтканда, быйыл жыл башында дал ушул биометрикалык паспортту берүүнү кечеңдеткенден улам АКШ бийлиги кыргыз жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектеген. Бул маселе абдан катуу талкууланып, кыргыз өкмөтү бул кемчиликти тезирээк жоюу боюнча аракет көрөрүн жарыялаган.

Ошондуктан учурда кыргыз тарап үчүн тендер жыйынтыгын тезинен ишке ашуусу маанилүү болуп турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев өлкөдө канчалык эртерээк электрондук паспортту берүү башталса ошончолук жакшы болорун айтты:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Өкмөт бул маселе боюнча тезирээк чечим кабыл алышы керек болчу. Буга чейин деле бул компаниянын жүйөлөрү боюнча айтып келгенбиз. Биз азыр бардык мыйзамдарды сактоо менен жарандарыбызга биометрикалык паспортту камсыз кылуу жагын ойлонушубуз керек. Болбосо чектөөлөр күчөп жатканын көрүп атабыз».

Негизи мыйзамдарга ылайык, эми 10 күндөн аз эмес, 30 күндөн көп эмес мөөнөт ичинде тендерде жеңүүчү компания менен Мамлекеттик каттоо кызматы келишимге кол коюшу керек. Алгачкы 10 күндүк мөөнөт - сынакка катышкан компаниялардын кайсы бири күмөн санап арыз менен кайрылган учурда териштирүүгө бөлүнгөн убакыт.

Акыркы маалымат боюнча «Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасы» тендер жыйынтыгына нааразы болуп арыз менен кайрылган. Бул арыз жакын арада каралашы керек.

Бул тендерге көз салып келген адис Азамат Бекенов азыркы кырдаалда бир нече жагдайга көңүл буруу зарыл экенин белгиледи:

«Азырынча тендер жыйынтыкталды деп айтуу туура эмес. Качан гана Мамлекеттик каттоо кызматы менен жеңүүчү болуп саналган компания кол койгондо тендер жыйынтыкталды деп санасак болот. Бирок бул жерде бир нече жагдайга көңүл буруш керек. Биринчиден, «Мүлбауэр» сунуш кылган баа абдан эле төмөн болуп жатат. Менин санаганым боюнча, бир буклетке 400 сомдун айланасында болууда. Азыркыдай валюта олку-солку болуп турганда бул канчалык мүмкүн экени белгисиз. Экинчиден, тендердин шарты боюнча тезинен паспорттун дизайны чогуу иштелип чыгып, макулдашылышы керек. Азыркыдай COVID кризиси күчөп турган кезде бул кечеңдеп калабы деген суроо турат. Муну да эске алуу зарыл».

Буга чейин Мамкаттоо биометрикалык паспортторду 2021-жылдан баштап берүүнү көздөп жаткан. Азырынча тендерде жеңүүчү аталган «Мүлбауэр» компаниясынын өкүлдөрү бул иштерди канча мөөнөттө аткарарын жарыялай элек.

Баш кеңсеси Германиянын Родинг шаарында жайгашкан «Muhlbauer ID Services» компаниясы 1981-жылдан бери түзүлүп, 1988-жылдан бери пластиктен жасалган карталарды, документтерди басып чыгаруу жаатында иш алып барат.

Бул компания өз тажрыйбасында 300гө жакын ID долбоорлорду ишке ашырганын жазганы бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG