Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Кара-Суу: тойдун тамагы ажалга себепчи болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында эки киши ууланып каза болду. Дагы 10 киши ооруканада жатат. Бейтаптар 6-мартта тойго барып, тамакка ууланганы кабарланды.

«Салат жегендер ууланды»

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков Кара-Сууда ботулизмден эки киши каза болгонун билдирди. Алардын бири Нариман ооруканасында 10-мартта, экинчиси Ош шаарындагы ооруканада 11-мартта үзүлгөн.

Кара-Суу аймактык ооруканасы.
Кара-Суу аймактык ооруканасы.

Учурда Кара-Суу аймактык ооруканасында дагы 10 киши дарыланууда. Дагы бир адам 11-март күнү кайрылган. Бирок ага ботулизм (уулануу) диагнозу коюла элек. Учурда анын абалына дарыгерлер көз салып турат.

Оорукананын жетекчисинин орун басары Мурзали Молдоевдин айтымында, бейтаптардын абалы орточо оор.

«Булар бир жерге, бир адамдын юбилейине барган. Бири-бири менен туугандар. Абалдары орточо. Ботулизмге каршы дары-дармектер берилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат».

Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургуну 6-март күнү 60 жашка толуп, юбилей өткөргөн. Жакындарын чакырып, маараке уюштурган аялдын айтымында, уулангандар колго жабылган салатты жеген.

«Кышка сактаган салатымдан ууланышыптыр. Ашты күтпөй кеткендер оорубады. Ага салат кошуп жегендер ооруп калдык. Экөө каза тапты, калгандары ушул жерде жатабыз. Бул неберелерим, бул кызым, ары жакта келиндерим, дагы бир иним аялы менен, курбуларым да жатат», - деп көзүнө жаш алды той өткөргөн аял.

«Өз алдынча дарыланышкан»

Тойго баргандардан уулануунун белгилери 7-март күнү байкалган. Дарыгерлер билдиргендей, алар үй шартында дарыланып, ооруканага дароо кайрылган эмес.

9-мартта алгачкы бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасына жаткан. Анын артынан башка бейтаптар да кайрыла баштаган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков уулануунун себеби иликтенип жатканын билдирди.

«Ал жерде тамак-аштан эч нерсе калган эмес. Бирок бейтаптардын заарасынан, канынан, кусундусунан алынган анализдер лабораторияда текшерилип жатат. Ошол жерде сакталып калган банкалардын ар бир түрүнөн үлгү алынып, Кара-Суу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда текшерилип жатат. Жыйынтыктары үч күндүн ичинде чыгат».

Санитардык дарыгерлердин айтымында, Кыргызстанда уулануунун 90% учуруна үй шартында даярдалган тамак-аш себеп болгон. Коомдук тамактануучу жайдан же дүкөндөн алынган азыктан ботулизм болгондор сейрек учурайт.

«2020-жылы Ош облусу жана Ош шаарында 17 учур болуп, 35 жабырлануучу катталган. Кара-Суу районунда бир бала каза болгон. Ал да үйдө даярдалган ширеден ууланган», — деди санитардык дарыгер Мамирасул Өмүрзаков.

Эмнеден ууланышыбыз мүмкүн?

Техника илимдеринин кандидаты, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн кызматкери Айбек Бөдөшев үй шартында тамак даярдоодо ууланууга алып келген төрт негизги себепти айтып берди:

«Биринчи фактор — чийки азык. Чийки азыкты туура эмес сактаган учурда биохимиялык процесстер жүрүп, бузулуп кетет. Аны колдонгон киши ууланышы мүмкүн. Экинчи себеби - тамак-аш жасалып жаткан жердин булганыч болгону. Ошол жерде санитардык нормалар сакталбаса, микробдор, бактериялар пайда болот. Бул да ууланууга алып келет. Үчүнчү фактор — бул адамдын өзү. Тамакты даярдап жаткан киши микробду жуктуруп алышы мүмкүн, кандайдыр бир илдетке, ооруга чалдыккан да болушу мүмкүн. Андагы микробдор тамак-ашка түшүп, аны жеген соо кишиге залалын тийгизет. Төртүнчү фактор — даяр тамактын туура эмес сакталышы. Кээ бир тамактар тез бузулат. Күн жылыса бузулуп, аны жеген кишилер ууланышы мүмкүн».

Бөдөшев даяр тамактарды ташуу да маанилүү экенин кошумчалады. Анткени тамактар атайын транспорт менен ташылбаса, температуранын өзгөрүшү менен бузулуп кетет.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Сууда эки адам ууланып каза болгон окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги уулануунун алдын алуу үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоого чакырды:

  • - Тамак-ашты консервациялоонун санитардык жана технологиялык эрежелерин так сактоо;
  • - Жаңы мөмө-жемиштерди гана пайдалуу;
  • - Жер-жемиштерди кылдаттык менен жууп-тазалоо;
  • - Муздак шартта консерваланган азыктарды сактоо;
  • - Капкагы көөп кеткен консерваланган азыктарды жеп-ичпөө, аларды жок кылуу;
  • - Үй шартында консервация кылбоо;
  • - Базардан колдо жасалган консерваларды сатып албоо;
  • - Консерваланган азыктарды сатып алууда жарактуу мөөнөтүн текшерүү, банканын сырткы көрүнүшүнө көңүл буруу.

2-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунда алты киши ууланып каза тапкан. Мейманга баргандан кийин өзүн начар сезип, ооруканага жаткандар уулануунун себебин суу кошулган спирттен көрүшкөн.

XS
SM
MD
LG