Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, өлкө боюнча көмүрдүн наркы 1,1% арзандап, орточо 51 сом 52 тыйынга түштү.
Бирок Баткен облусу менен Ноокат районунда көмүр кымбат бойдон калууда. Ноокатта бир тонна көмүр 7 914 сом, Баткенде 7 819 сом, Кара-Суу районунда 5 899 сомго сатылып жатат.
Эң арзан баа Жумгал районунун Чаек айылында катталып, 2500 сом болду. Нарында бир тонна көмүр 3500, Балыкчыда 3 694 сомго сатылып жатат.
Кыргызстанда көмүр казган ири Кара-Кече кени бар, андан тышкары Баткен облусунда бир катар майда шахталардан көмүр чыгат.
Мындан тышкары Казакстандан да көмүр импорттолот. (BCh)