Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Британ канзаадасы Гарри жана жубайы падышалык үй-бүлөнүн милдетин аткарбайт


Британ канзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл
Британ канзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл

Улуу Британиянын канзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлөнүн милдеттерин аткарууга кайтпайт. Бул тууралуу Букингем сарайынан кабарлашты. Сассекс герцогу жана герцогинясы өз чечими боюнча Британ канышасы Элизабет Экинчи менен сүйлөшкөн учурда дагы бир жолу ырастаган.

Гарри ардактуу аскердик наамдарынан ажырайт. Ошондой эле тектүү жаш жубайлар кайрымдуулук фонддор менен кызматташуусун да токтотот. Алар буга чейин аткарып келген иштерди каныша Элизабет Экинчи падышалык үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө бөлүштүрүп берет.

“Баарыбыз мындай чечимге капа болсок да, герцог жана герцогиня үй-бүлөнүн эң сүйүктүү мүчөлөрү бойдон кала берет”, - деп Букингем сарайынын билдирүүсүндө белгиленди.

Канзаада Гарри жана жубайы Меган Маркл өткөн жылы расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан жана АКШга көчүп кетишкен. Бирок алар Сассекс герцогу жана герцогинялсы титулун сактап калышкан.

Канзаада Гарри менен таанымал америкалык актриса Меган Маркл 2018-жылы үйлөнгөн. Бир уулду тарбиялап жаткан үй-бүлө жакында наристе күтүп жатышканын жарыялашкан.

Канзаада Гарри 1984-жылы туулган. Ал - каныша Элизабет Экинчинин уулу, Уэльс канзаадасы Чарльз менен анын маркум болгон биринчи аялы, бекбийке Диананын кичүү уулу.

Маркум Диананы Улуу Британиянын падышалык чөйрөсүнүн ички турмушун кыйла либералдаштырган деп санашат.

XS
SM
MD
LG