Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

Дагестанда Росгвардия кызматкерлери айыл башчысын полиция бөлүмүндө атып салышты


Орусия Федерациясы. Дагестан, Махачкала.
Орусия Федерациясы. Дагестан, Махачкала.

Дагестанда Росгвардиянын эки кызматкери 34 жаштагы жергиликтүү тургунду өлтүрүүгө айыпталып кармалды. Ал күн мурун Махачкаладагы полиция бөлүмдөрүнүн биринде атылып өлтүрүлгөн.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, маркум – Новолакс районунун Новокули айылынын башчысы болгон.

"Кавказский узел" басылмасы окуяга жер талашы себеп болушу ыктымал экенин жазды.

Маалыматтарга караганда, Абакар Каплановду ОМОНдо иштеген эгиз Курбановдор аткан. Маркумга 30дан ашуун ок тийгени айтылууда.

Бул окуядан кийин Совет районундагы полиция бөлүмүнө маркумдун 300дөн ашуун туугандары жана тааныштары чогулду. Аларды республиканын ИИМинин башчысы Магомед Абдурашидов тынчытууга аракет жасады.

XS
SM
MD
LG