Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:38

Алматыда кыргыз-өзбек премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулады


Улукбек Марипов жана Абдулла Арипов. Казакстандын Алматы шаары. 5-февраль, 2021-жыл.
Улукбек Марипов жана Абдулла Арипов. Казакстандын Алматы шаары. 5-февраль, 2021-жыл.

Премьер-министр Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарында иш сапар менен жүрөт.

Анын алкагында 5-февралда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы кызматташтыкты жана чек араны талкууга алышты. Чек араларды тактоо иштерин активдештирүү зарылдыгы айтылды.

Өзбек премьери Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровду Ташкентке расмий чакыруу тууралуу кагазды тапшырды.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгилешти.

Марипов Алматыда Беларус премьер-министри Роман Головченко менен да жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык ортого салынды. Анда жакын арада Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кеңешмесин жана ишкерлер форумун өткөрүү макулдашылды.

Бул - 4-февралда кызматка бекитилген Улукбек Мариповдун премьер-министр катары чет мамлекеттеги биринчи иш сапары.

Евразия өкмөт аралык комиссиясынын отурумуна ЕАЭБге мүчө жана байкоочу мамлекеттердин премьер-министрлери катышат. Бүгүн алардын катышуусунда санариптик технологиялар тармагын өнүктүрүүнү камтыган "Almaty Digital Forum 2021" эл аралык форум да өткөнү жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG