5-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 13…18;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз 0…-5;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 14…16 градус болот.