Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

15:01 3.2.2021

Өкмөт парламент менен макулдашып, электр энергиясынын баасын өзгөрүү боюнча чечим кабыл алат. Бул тууралуу 3-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министрликке талапкерлиги каралып жаткан Улукбек Марипов айтты:

«Тариф боюнча бүгүнкү күндө өкмөттүн токтому бар. Бирок саясий маселе болуп жатат. CASA долбооруна деле ошол тариф алып барат, кайра эле. Тышкы карызды төлөө… Муну биз этияттап, баарын тактап, сиздер менен макулдашып, чечимге барабыз. Анткени ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт. Күндөн күнгө бул жакта абал оорлоп баратат».

Мындай пикирин Марипов депутат Үмбөталы Кыдыралиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

14:57 3.2.2021

Депутат Каныбек Иманалиев: Тогуз жылда ИДП такыр өскөн жок. Эл-журтка эгемендиктин кадырын түшүндүрмөйүн биз кризистен чыга албайбыз.

14:53 3.2.2021

Депутат Бакирдин Субанбеков өткөрмө бекеттердеги абал тууралуу суроо узатты.

Вице-премьерликке сунушталып жаткан Артем Новиков өкмөттүн текшерүүсүнөн кийин айрым жетекчилер кызматтан төмөндөтүлгөнүн, айрымдарына сөгүш берилгенин билдирди.

14:50 3.2.2021

Депутат Махабат Мавлянова өкмөткө эки аял гана келгенин айтып, келечекте курамдын 30% аялдар болушу керектигин айтты.

Улукбек Марипов буга "эркек министрлер жакшы иштебесе, аялдарга алмаштырабыз" деп жооп узатты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG