Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

10:51 3.2.2021

Улукбек Марипов: Өкмөт канчалык тез алмашса, программалары тез өзгөрсө мамлекетке кедергисин тийгизерин көрдүк. Референдум өтсө, урматтуу Садыр Нургожоевич аткаруу бийлигин колго алса, өкмөт беш жылдык болот деген үмүт бар.

  • Ар бир үй-бүлөнүн кирешесин көбөйтүүгө салым кошобуз.
  • Пенсияларды көтөрүү приоритеттүү кадам болушу керек.
  • Ар бир кыргызстандык билим алышы керек.
  • Кичи жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керек.
  • Ыңгайлуу жана иштиктүү коммуникацияны түзүү зарыл деп эсептейм.

Олуттуу иштин эң олуттуу бөлүмү алдыда турат. Өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га кыскартылды. Бул жөн эле кыскартуу эмес. Мамлекеттик каржы системасы эң олуттуу өзгөрүүгө муктаж. Айыл чарбага ылайыктуу өлкөбүз.

18:19 2.2.2021

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети ушу тапта премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды.

Буга чейин экономика жана Финансы министрликтери бир блокко биригип, анын жетекчисине вице-премьер-министр деген макам берүү сунуш кылынган.

Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер. Алар:

1. Улукбек Марипов, премьер-министр;
2. Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр;
3. Улукбек Карымшаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер;
4. Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси;
5. Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
6. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;
7. Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
8. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри ;
9. Улан Ниязбеков, ички иштер министри;
10. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
11. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;
12. Асел Чынбаева, юстиция министри;
13. Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
14. Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри;
15. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
16. Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Буга чейин өкмөттүн курамы 22 жетекчиден турган.

17:51 2.2.2021

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырды.

Маселени комитет мүчөлөрү 2-февралда үч сааттан ашык талкуулады. Премьерликке талапкер өкмөт түзүмүн, курамын, иш-пландары менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Баяндама жасаган учурда ал эгер өкмөт башчы болуп дайындалып калса, алдыда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турганын айтты. Бул багыттарда жигердүү иш алып барууга даяр экенин белгиледи.

17:28 2.2.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG