Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:55

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы боюнча тендер жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда мектеп окуучулары арасында өтүүчү республикалык олимпиаданын экинчи жана үчүнчү этаптарынын бардык сабактар боюнча тапшырмаларын иштеп чыга турган көз каранды эмес уюмду тандоо үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, тендердин жыйынтыгы чыккандан кийин олимпиаданы өткөрүү мөөнөтү аныкталат. Чечим чыгарууда акыл таймашынын форматына коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал.

Кыргызстанда 2265 мамлекеттик мектеп бар. Аларда 1 миллион 200 миң бала билим алат.

Республикалык жалпы олимпиада жыл сайын төрт этап менен өткөрүлүп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG