Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

COVID-19: АКШнын «Новавакс» компаниясы өз вакцинасы натыйжалуу экенин жарыялады


АКШдагы «Novavax» вакцинасын өндүргөн лабораториялардын биринде. 2020-жылдын 20-мартында.
АКШдагы «Novavax» вакцинасын өндүргөн лабораториялардын биринде. 2020-жылдын 20-мартында.

АКШдагы «Новавакс» («Novavax») компаниясы өзүнүн COVID-19 илдетине каршы вакцинасынын натыйжалуулугу дээрлик 90% камтыганын жарыялады. Бул вакцина Улуу Британияда сынактан өткөн. 28-январда «Новавакс» компаниясынын билдиргенине караганда, бул вакцина коронавирустун жаңы түрлөрүнө да каршы колдонула ала тургандыгы тастыкталды. Бирок Түштүк Африкадан дүйнө жүзүнө тездеп жайылып жаткан коронавирустун түрүнө анын туруштук бериши салыштырмалуу начарыраак болуп жатат.

Эми дүйнөдөгү саламаттык сактоо мекемелери Улуу Британиядан, Бразилиядан жана Түштүк Африкадан чыккан коронавирус түрлөрүнө каршы эмдөө аракеттери мындан ары кандайча жүрөт деп санааркай башташты.

«Moderna» жана «Pfizer/BioNTech» компаниялары ушул аптанын башында өздөрүнүн вакциналары Түштүк Африкадан таркалган вирустун жаңы түрүнө кыйла чабалдык кыларын айтып чыгышкан.

«Новавакс» компаниясы Улуу Британияда 15 миң киши иликтөөгө алынганда өз вакцинасы 89,3% натыйжалуулукту көрсөткөнүн маалымдады.

Бул сынак убагында Улуу Британияда коронавирустун жайылышы бул өлкөдө табылган вирустун жаңы түрүнүн айынан кескин күчөп жаткан.

Ал эми ушул эле вакцина Түштүк Африкада ортолоп калган дары сынакта ВИЧке кабылбаган бейтап калайыктын арасында 60% гана көрсөткүчтү түзүп жатканы айгинеленди. (TT)

XS
SM
MD
LG