Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:07

Европа Биримдиги Кыргызстанды ар тараптан колдоосун уланта берери айтылды


Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан.
Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы саясий кырдаалдын турукташуусун кубаттайт жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн уланта берет. Бул тууралуу 27-январда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан билдирди. Ал Бишкекке жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн келген.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы долбоорлук-программалык ишмердүүлүгү, ВСП+ макамынын алкагында берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу маселелери талкууланды.

Министр Казакбаев коронавируска каршы күрөштө көрсөтүлгөн жардам үчүн Европа Биримдигине ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү ички саясий абал тууралуу маалымат берди.

Жапаровдун инаугурациясы бүгүн, 28-январда өтөт. Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG