Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы боюнча сот өкүмүнө каршы апелляциялык териштирүү токтотулду. Бул тууралуу 27-январда «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Ашырбаева билдирди:
«13-январда Ысык-Көл облустук сотунун Жазык жана жорук иштери боюнча соттук коллегиясы ишти карап чыгарган аныктамага ылайык, ага чейин келип түшкөн апелляциялык даттанууну жана арызды кайра артка чакыртып алуу тууралуу арыздар канааттандырылды. Апелляциялык териштирүү кыскартылып, иш негизинен каралган жок. Ошентип, Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү күчүндө».
Жол кырсыгы 2019-жылы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана Токобеков отурган BMW Х7 машинелери кагышып, «Lexus» автоунаасынын ичиндеги төрт киши тең мерт болгон. Токобеков да жабыркап, ооруканага жатып чыккан.
2020-жылдын ноябрь айында Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен бул кырсык үчүн Элдияр аттуу адам жети жылга кесилген, бирок мунапыска байланыштуу эркинен ажыратылган эмес. (RK/KS)