Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

«Кыргызалтын»: Терек-Сайда абал жөнгө салынды


Терек-Сайда түшүндүрүү иштери болду.
Терек-Сайда түшүндүрүү иштери болду.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы «Эти Бакыр Терексай» кенинде абал жөнгө салынганын кабарлады. 25-январда Терек-Сайдагы суу жана дарыя толук көзөмөлгө алынып, жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштери жүрдү.

Абалды иликтөө эми мамлекеттик тармак аралык комиссияга берилди. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Жалал-Абад облустунун жетекчилигинин өкүлдөрү кирет.

«Кыргызалтын» ишканасы түзгөн ыкчам штабды аталган мекеменин төрагасы Элмырза Үкүбаев жетектеп, «Эти Бакыр Терексайдагы» байытуучу фабрикадан чыккан заттар жок кылынды.

23-январда алтын кенин иштеткен фабрикага караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип сайга кошулган.

Жергиликтүү бийлик калдык түшкөн жердин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей туруу зарыл экенин эскерткен. Интернетте жергиликтүү айрым жашоочулар сууга цианид төгүлүп, уулуу калдыктар сактаган жайлар ачылып кетиши ыктымал деп кабатыр болуп жатканын билдиришкен.

«Кыргызалтын» ишканасы кырдаал жөнгө салынганын, анын кесепети ыкчам жоюлганын, жергиликтүү элдин жашоосуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жок экенин кабарлаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG