Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Улуттук статистика комитети: өкмөт органдарына элдин ишеними азайды


Ош шаарындагы Навои эс алуу багында шахмат ойноп отурган тургундар. Июнь, 2020-жыл.
Ош шаарындагы Навои эс алуу багында шахмат ойноп отурган тургундар. Июнь, 2020-жыл.

Кыргызстанда өкмөттүк мекемелерге жана жергиликтүү бийлик органдарына элдин ишеними бир жыл мурункуга салыштырмалуу дээрлик 3% азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 20-январда жарыялаган кыска баяндамада айтылат.

Комитет 2020-жылдын декабрында эл арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 18ден 75 жаш курактагы 3600 респондент суралган.

Эң төмөн көрсөткүч Мамлекеттик бажы кызматына таандык. Сурамжылоого катышкандардын 3,6% гана ишеним билдирген.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына, Мамлекеттик мүлк фондуна, Соттук экспертизага, Экономика министрлигине ишеним арткандар 10дон 15% чейин.

Андан башка мамлекеттик органдарга калктын ишеними 50% жетпейт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы. Көк сызык - 2019 жылдын, кызыл сызык 2020-жылдын көрсөткүчү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы. Көк сызык - 2019 жылдын, кызыл сызык 2020-жылдын көрсөткүчү.

XS
SM
MD
LG