Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:53

Өзбекстанда биринчи кезекте медиктер жана улгайган адамдар эмделет


Өзбекстан пандемия учурунда.
Өзбекстан пандемия учурунда.

Өзбекстанда «Pfizer-BioNTech» вакцинасы менен биринчи кезекте дарыгерлер жана улгайган адамдар эмделет. Бул тууралуу «Daryo.uz» онлайн басылмасына Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жетекчисинин орун басары Ботиржон Курбонов билдирди. Анын айтымында, кары-картаңдарга коронавируска каршы препарат ыктыярдуу негизде сайылат.

18-январда Өзбекстан сөз болгон компаниялар чыгарган вакцинадан 100 миң доза заказ бергени кабарланган. Курбонов бул көлөм 50 миң кишини эмдөөгө жетерин, вакцинаны минус 70 градуста сакташ керек экенин кошумчалады.

Калкынын саны 34 жарым миллиондон ашкан кошуна өлкөнүн бийлиги былтыркы жылдын июнь айына чейин COVID-19дан элдин 60% чейин эмдөөнү пландап жатат.

XS
SM
MD
LG