Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Базар-Коргон айылына шаар макамын берүү сунушталууда


Базар-Коргон айылынын кире бериши. Архивдик сүрөт.
Базар-Коргон айылынын кире бериши. Архивдик сүрөт.

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон айылына шаар макамын берүү тууралуу мыйзам долбоору парламенттин 20-январдагы сессиясында каралды. Анда административдик-аймактык бирдик катары Базар-Коргон шаарын түзүү сунуш кылынган.

Базар-Коргон айыл аймагы ушундай эле аталыштагы райондун борбору болуп саналат. Расмий маалыматка караганда, айыл аймагындагы 12 424 кожолукта 58 842 киши жашайт. Айыл аймагына беш айыл менен калктуу конуш кирет.

Базар-Коргон шаарын түзүү тууралуу мыйзам долбоорунан тышкары сессияда «Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору да талкууланды.

Анда жалпы 17 калктуу конушун айыл категориясына киргизүү сунуш кылынган. Документтер экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты. (NT)

XS
SM
MD
LG