Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Орусияда эркин иштеген мэр кызматтан кетти


Сардана Авксентьева.
Сардана Авксентьева.

Орусиядагы Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева кызматтан кетти. 

«Путиндин Орусиясындагы акыркы эркин мэр». Орусияда Якутскинин мэри Сардана Авксеньтеваны дал ушинтип аташат. Ал былтыр Путиндин Конституцияга сунуш кылган өзгөртүүлөрүнө каршы чыккан саналуу жетекчилердин бири болгон.

Путинди кетириш үчүн Москвага жөө жүрүшкө чыккан якут бакшы Александр Габышевди күч кызматтары камакка алып, мажбурлап ооруканага жаткарган кезде Сардана бул куугунтук, «тандалма жазалоо» экенин ачык айтып чыккан.

Авксеньтева мэрлик кызматтан кетип жатканын 11-январда жарыялап, муну ден соолугуна, чукул операцияга муктаждыгы менен түшүндүргөн.

«Мен эч качан бийликке, кызматка жулунган эмесмин. Балким, ушундай оор чечимдерди кабыл алууда эркиндигимен тайган жокмун. Сүйүктүү жазуучум Александра Марининанын сөздөрүн эске салгым келет.

«Эркиндик деген эмне? Бул өзүң жана жакындарың үчүн кандайдыр бир чечимди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгү. Силер ишеним көрсөтүп берген кызматта мен ачык, калыс иштедим. Өзүм, жакындарым жер, батир же башка мүлктөрдү ээлеп алган жок. Биздин бизнесибиз жок», - деп жазды ал "Фейсбуктагы" баракчасына.

14-январда Якутскинин депутаттары мэрдин отставкасын кабыл алышты. Мэрдин кызматына Авксентьева өзү сунуштаган биринчи жардамчысы Евгений Григорьев убактылуу дайындалды.

Айрым серепчилер Авксентьеванын кетиши менен Якутскиге «Бирдиктүү Орусия» партиясынын өкүлү келип, быйыл күздө өтө турган Мамлекеттик Думага шайлоо алдында аймактарда бийликчилдердин үстөмдүгү биротоло орнотулат деп боолгоп жатышат.

«Анын кызматтан кетишинин башкы себеби саясий кысым, иштөө үчүн дайыма күрөшүүнүн зарылдыгы, мындай көрүнүштөрдөн чарчагандык себеп болуп калды», - деп эсептейт журналист, экономикалык баяндамачы Максим Товкайло.

Буга чейин, былтыр августта Авксеньтева социалдык медиада аны каралоо, жалган жалаа жабуу аракеттери күчөгөнүн айтып, өзүнө каршы кылмыш иши козголсо да таң калбасын жазган жайы бар.

«Путин үчүн өзгөчө федералдык шайлоо алдында, ал бүтүндөй өлкөнү башкарып турганын, жада калса каршылык маанай күч алган аймактарды басып турганын көрсөтүү өтө маанилүү», - дейт саясат таануучу Александр Кынев.

50 жаштагы Сардана Авксеньтева 2018-жылы «Жандануу» партиясынан мэрлик кызматка көрсөтүлүп, шайлоодо «Бирдиктүү Орусия» партиясынан талапкер Александр Саввинди элдин дээрлик 40 пайыз добушу менен жеңип, бул кызматка келген биринчи аял киши болуп калган. Ага чейин ал беш жыл мэрдин жардамчысы болуп иштеген.

Мэр айым дайым учакта эконом-класс менен учуп, мэрияга таандык кымбат баалуу машинелерди сатып ийип, жөнөкөй эле автоунаага отуруп, шаардыктар үчүн жол кирени арзандатып, мамлекеттик бюджетти максатсыз пайдаланган аткаминерлерди иштен айдап, мэриянын чыгымдарын азайткан.

Жылына имаратты карап, тейлөөгө эле 30 миллион рубль каражат сарптоону талап кылган мэриянын имаратын сатыкка коюп, жөнөкөй чакан жайга көчүүнү сунуштаган Авксентьева тез эле элдин колдоосуна ээ болуп, сүймөнчүгүнө айланган.

Ал социалдык медианы активдүү колдонуп, шаар көйгөйлөрүн жергиликтүү тургундар менен кеңешип чечип, тыгыз байланышта болгон.

Якутиянын борбору Якутск шаарынын башчысы тууралуу макала 2019-жылы «New York Times» гезитинде жарык көргөн. Анда ал «Орусияда калыс шайлоо менен кызматка келген адам», «эркек үстөмдүк кылган коомдогу мэр айым», «бийликтеги партиянын кысымы күчөгөн сайын чыйралып, эч кандай тоскоолдуктарга карабай элге алынган аткаминер» деп сыпатталып, Якутскиде «улут аралык кагылышууну токтото алды» деп белгиленген.

2019-жылы мартта «кыргызстандык мигранттар якутиялык келинди зордуктады» деп жергиликтүү эл көтөрүлүп, мигранттарды сабаган.

Ошол кезде Якутскиде бул жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшкөн, кыргыз диаспорасындагы коомдук ишмер Жазбек Бекболиев Авксентьева жөнүндө буларды айтты:

Жазбек Бекболиев
Жазбек Бекболиев

«Жөн жерден бүткүл Орусияга таанылган жок. Аябай билимдүү, реформатор адам. Бирок баарына жага албады. Кыргызстанда ушундай адам болгонунда мен баа бермекмин. Эч нерседен коркпой, өзүнүн айтканынын баарын жасады. Якутскиде жакыр жашаган 17-квартал бар. Мэрияны борбордон ошол жакка көчүрүүгө камданып жаткан. Бул ал жерди ушундай жол менен көтөрүүгө аракет кылды. Мэриядагы автоунааларды сатып, чыгымдарды азайтып, бюджетин көбөйттү. Ушундайлардан үлгү алып, үйрөнүшүбүз керек. Жаңы бийлик келгенде эс алууга кетип калбай, өзүн иш менен көрсөтүшү керек. Элге сөз, убада эмес, иштин жыйынтыгы керек».

Бекболиев Авксентьева шаардагы ар кандай улуттук диаспоралар менен дагы байланышта болуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, бардык катмарлар менен тегиз иштешкенин белгилейт.

Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо 19-сентябрда өтөт. Бул саясий өнөктүктө аймактардагы бийликтин ролу маанилүү.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG