Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Түркияда «WhatsApp» тиркемеси талашка түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Соода министрлигине караштуу Атаандаштык кеңеши өз ыктыяры менен «Фейсбук» жана «WhatsApp» тиркемелеринин жаңы саясатына каршы арыз жазып, тергөө ишин баштатканын кабарлады.

4-январда «WhatsApp» колдонуучуларына 8-февралга чейин «Жаңыртылган купуялык саясатын» кабыл алуу же четке кагуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Жаңы саясаттын алкагында «Facebook» жана «WhatsApp» тиркемелери өз маалыматтарын бириктирет. Муну менен «Фейсбуктун» жарнамалары «WhatsApp» аркылуу тарай баштайт. Жаңы эрежелерге макул болбогондор 8-февралдан баштап «WhatsApp» тиркемесин колдоно албай тургандыгы кабарланган.

Бул жагдай Түркияда чоң талкуу жаратып, Интернет колдонуучулар башка альтернативдүү кат-кабар алмашуу тиркемелерин издей баштады.

Жаңы жана коопсуз канал издеген колдонуучулар башка тиркемелерди жүктөп, «WhatsApp» тиркемесин өчүрө баштаганы байкалды.

Президент Эрдоган өзү баш болуп «Телеграм» каналын ачканын билдирип, элди кабарлашуу үчүн башка жергиликтүү тиркемелерди жүктөөгө үндөдү. Андан соң «Телеграм» каналына заматта жүз миңдеген жаран катталып, эми мамлекет башчы иш планын дал ушул каналдан кабарлап турарын жазды.

Ал эми Түркияда чоң резонанс жараткан маселеге бул өлкөдө жашап жана эмгектенип жаткан кыргызстандыктар кандай карашат?

Анталия шаарында көп жылдардан бери эмгектенип жаткан Бактыгүл бул тиркеме мигранттар үчүн «суудай керек болгонун» жашырбайт.

«Негизи бизге «WhatsApp» өтө керектүү нерсе. Кээде телефонубуз бузулуп калса бир нерсебизди жоготкондой болуп калабыз. Үйдөгүлөр, туугандар менен сүйлөшө албай кыйналып каласың. Тайпаларга кирип жумуш издегендер болуп калса, сөзсүз ошол 200 кишинин бирөө жардам берип жазып калат. Мурун болсо кыргыз кыз-келиндер менен жолугуп, чай ичип сырдашат элек. Эми пандемияда ушул «WhatsApp» тиркемесинин көзүн карап, ошол жактан кабарлашып калбадыкпы. Жумушубуз оор, анан ошол «WhatsApp» тайпаларда айтылган жылуу сөздөр мигранттарга дем берип, тың иштеп калабыз. Жумуш издегендерге, жардам издегендерге ошол тайпалар аркылуу жол табабыз. Эгер Түркияда «WhatsApp» өчүп кала турган болсо анда мигранттар бири-бирибизден кабар ала албай калабыз го», - деди Бактыгүл.

Анын сөзүн улай Түркиянын Анадолу университетинде мигранттар боюнча илимий изилдөө жазган кыргызстандык Элиза Шаева мигрант кыз-келиндердин арасында социалдашуу маселесине жооп издөө катары соцтармактар эң көп колдонулганын айтты:

«Мигранттар үчүн социалдык тармактарды колдонууга биринчи кадам «WhatsApp» колдонуу менен башталат. Аны колдонуп көнгөндөн кийин «Фейсбукка» же «Инстаграмга» өтөт. Мисалы «WhatsApp» тайпаларында кыдырып жүргөн маалыматтар кийин барып гана соцтармактарга чыгышы мүмкүн. Өзгөчө жумуш издеген мигрант биринчи ирет «WhatsApp» тиркемесине жазат. Анткени «WhatsApp» тайпаларда маселелерин тез чечип алуу мүмкүнчүлүгү бар».

Жаңы технологиянын өнүгүшү менен кат-кабар алмашуу тиркемелери узакты жакын кылып тез жана арзан маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Өзгөчө пандемияда чет өлкөдөн Түркияга барып дүң соода кылган кардарлар дал ушул «WhatsApp» тиркемеси аркылуу буюртма кылууга өтүшкөн. Стамбул шаарында дүңүнөн КМШ өлкөлөрүнө кийим-кечек саткан Элмира Түркиядагы «WhatsApp» маселесинен улам кардарларынын көбү «Телеграмга» өтүп кеткенин баса белгиледи:

«Менин тааныштарым, кардарларымдын көбү акырындап «Телеграмга» өтө баштады. Кардарларым негизи эле «Телеграмга» өтсөкпү деп турушкан. Эми мындай жагдай менен баарыбыз эле өтөбүз го».

Түркиядагы бул кырдаалга сарсанаа болгондордун арасында «Компас» компаниясынын жетекчиси Лили Жолчиева да бар.

Ал кыргызстандык бейтаптар менен иш алып баргандыктан, алар менен эң көп «WhatsApp» тиркемеси аркылуу байланышканын билдирди:

«Ишибиздин 90% «WhatsApp» аркылуу бүтөт. Кыргызстандык бейтаптардын баары Түркиядагы дарыгерлерге «WhatsApp» менен анализдерин салышат. Ошонун негизинде дарыгерлер кыргыз бейтаптарга онлайн көрсөтмө же сунуш айтышат. Эми «WhatsApp» жаңы эрежелерди киргизсе, биздин ишибизге тоскоол болбойт деп үмүт кылам. Такыр болбой баратса анда башка тиркемелерге өтүүгө туура келет».

Шейшебиде Түркиянын Соода министрлигине караштуу Атаандаштык кеңеши «WhatsApp» тарабынан таңууланган жаңы келишим жөнүндө билдирүү таратып, «WhatsApp» менен «Фейсбукка» каршы иликтөө башталганын кабарлады.

Ал арада «Фейсбуктун» Түркиядагы өкүлчүлүгү өлкөдөгү «WhatsApp» тиркемесине карата реакцияны эске алып, «жаңы эрежелер колдонуучулардын жакындары менен болгон кабарлашуусуна эч кандай таасирин тийгизбейт» деген маалымат таратты.

Ал эми дүйнөдө эң популярдуу тиркемелердин катарына кирген «WhatsApp» өзү киргизген жаңы милдеттенмеден кийин январдын жетисине чейин эле эле 10 миллиондон ашык колдонуучусунан кол жууган. Жаңы жылдын биринчи он күнүндө Түркияда эң көп жүктөлгөн тиркемелер ирети менен «Телеграм», «Сигнал» жана үчүнчү орунда гана «WhatsApp» болгон.

Буга чейин Түркияда 2007-жылдан 2015-жылга чейин «YouTube», «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактар бир канча жолу соттун чечими менен жабылган. Буга кишилердин намысына шек келтирген посттор, сүрөттөр жана билдирүүлөр себеп болгону кабарланган.

Түркиянын 83 миллиондон ашык калкы бар. Алардын 62 миллиону Интернет колдонот. Колдонуучулардын 54 миллиону социалдык тармакты күнүнө активдүү пайдаланат. Түркияда эң популярдуу социалдык тармактар - «Инстаграм», «Твиттер» жана «Фейсбук».

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG