Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Трамп өзүнө карата импичмент жарыялоо камылгаларына удаалаш элди сабырдуулукка чакырды


Президент Д. Трамп АКШ менен Мексиканын чек арасына жакын курулган дубалга бараардын алдында ЖМК өкүлдөрүнө сүйлөөдө. 2021-жылдын 12-январы.
Президент Д. Трамп АКШ менен Мексиканын чек арасына жакын курулган дубалга бараардын алдында ЖМК өкүлдөрүнө сүйлөөдө. 2021-жылдын 12-январы.

АКШнын президенти Дональд Трамп 12-январда калайыкты тынч жана сабырдуу болууга чакырды. Ал 6-январдагы өзүн колдогондордун Капитолийге койгон чабуулу үчүн өзүн эч кандай жоопкер деп эсептебей турганын да билдирди.

Техас штатынын Аламо шаарында 12-январда чыгып сүйлөп, Трамп: «Эми улутубуз үчүн айыгуу маалы келди, эми тынчтык жана сабырдуулук кезеңи келди», – деп айтты.

Ал мындай сөзүн АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасында өзүнө каршы демократтар сунуш кылып жаткан резолюция долбоору добушка коюлушу ыктымал болгон учурда айтты.

Демократ мыйзамчылар АКШнын вице-президенти Майк Пенске Конституцияга киргизилген 25-түзөтүүнүн негизинде президент Трампты 6-январдагы тополоңдогу ролу үчүн кызматтан кетирүүнү талап кылган резолюциянын текстин даярдашты.

«Бул 25-түзөтүү мага эч коркунуч туудура албайт», - деди Трамп. Ал Техастагы Мексика менен чектеш америкалык чек арадагы өзү бийлеп турган чакта курулган бийик дубалдын жанында эл алдында чыгып сүйлөдү. Бул дубал Трамптын катаал иммиграциялык саясатынын символу болуп калды.

Трамп дубал тургузууга байланыштуу «өз убадасын аткарганын» айтты. Азыркы тапта Мексика менен АКШнын чек арасында 724 чакырымдай узун дубал тургузулган.

Өзүн 6-январдагы тополоң үчүн кызматтан кетирүү далалатын Трамп «мастандарга аңчылык кылууга» теңеди.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын демократ мүчөлөрү, эгерде вице-президент Майк Пенс Трампты кызматтан кетирүү боюнча сунушка эч макул болбой койсо, анда импичментке өтүш үчүн башка камылга иштерин, анын ичинде башка резолюция долбоорун даярдашты. Импичментке жол салчу резолюция долбоору Өкүлдөр Палатасында шаршембиде (13-январда) добушка коюлушу да ыктымал.

Ал эми шайланган президент, демократ Жо Байден бул кызматка кириш үчүн 20-январда салтанаттуу ант бергени турат. (TT)

XS
SM
MD
LG