Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:00

Ош милициясы: Журналисттер шайлоо комиссиясынын уруксаты менен гана видео, сүрөт тарта алышат


Оштогу шайлоо участогу. 10-январь, 2021-жыл.
Оштогу шайлоо участогу. 10-январь, 2021-жыл.

Журналисттер добуш берүү участокторунда комиссия төрагасынын уруксаты менен гана сүрөт жана видео тарта алышарын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдирди. Анын сөзүнө караганда бул мыйзамда каралган.

«Тиешелүү шайлоо участокторунда атайын аккредитациядан өткөн гана журналисттер комиссия жетекчилиги уруксат берген жерден гана сүрөт жана видео тартууга укуктуу. Комиссия жетекчилиги журналисттерди киргизүүнү каалабаса, муну милиция кызматкерлеринин жардамы менен аткара алат. Бул конституциялык мыйзамдын 11-беренесинде жазылып турат».

Ош шаарынын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашык. Алар 78 шайлоо участкасында добуш беришет.

Буга чейин айрым шайлоо участокторунда журналисттердин, байкоочулардын сүрөт, видео тартышына уруксат берилбей, комиссия жетекчилиги менен пикир келишпестик болгону кабарланган.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Референдумга:

- президенттик;
- парламенттик;
- баарына каршы варианттары коюлган.

Президенттик кызмат үчүн 17 талапкер ат салышууда. (DU/ZKo)

XS
SM
MD
LG