Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Айбек Бузурманкулов: Октябрь окуяларынан эл сабак алды


Таластагы өкмөт өкүлү Айбек Бузурманкулов добуш берип жатат. Талас облусу. 10-январь, 2021-жыл.
Таластагы өкмөт өкүлү Айбек Бузурманкулов добуш берип жатат. Талас облусу. 10-январь, 2021-жыл.

10-январдагы президенттик шайлоо жана референдумда мыйзамсыздыктар болбосун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бузурманкулов "Азаттыкка" билдирди. Ал Талас облусунун Көк-Токой айылындагы №6080 участогунда добуш берип жатып, мыйзамсыз иштерди болтурбоого аракеттенерин белгиледи:

«Шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мыйзамсыз иштер болбойт деп ишенебиз. Октябрдагы окуялардан эл сабак алды деп ойлойм".

Жалпы Талас облусунда 117 шайлоо тилкеси, 157 886 шайлоочу бар.

Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Таласта 500дөн ашуун милиция кызматкери тартипке көз салып жатат.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG