Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Бишкектеги ыш маселеси өкмөт өкүлдөрү менен талкууланат


Ыш каптаган Бишкек.
Ыш каптаган Бишкек.

Бишкекте бүгүн, 8-январда активисттер, экологдор, адистер ыш маселесин чечүүнүн жолдорун талкуулаганы жатышат.

«МувГрин» коомдук фонду билдиргендей, 15.00гө белгиленген бейформал талкууга премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жана Бишкектин мэри Балбак Түлөбаев чакырылган.

Талкууну Кыргызстандын Жашылдар альянсы, мэриянын алдындагы экологиялык кеңеш уюштурган. Алар бийликке баш калаадагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү көздөп жатканын кабарлашты.

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар Бишкекте абанын булганышы дагы эле кооптуу чектен ашканын көрсөтүүдө.

Аталган уюмдун сайтындагы маалыматка караганда, 8-январга караган түнү баш калаанын айланасында абанын сапатынын индекси (AQI) 700дөн ашты.

Шаар четиндеги Сокулук, Новопавловка, Военно-Антоновка, Лебединовка сыяктуу айылдарда ушул аптада индекс өтө кооптуу чектен, тактап айтканда 1200-1300дөн ашты. Негизи, индекс 50дөн ылдый болушу керек.

Экологдор, активисттер, дарыгерлер Бишкектин абасына байланыштуу өзгөчө абал киргизүүгө бийликти чакырышууда. Алар баш калаада абанын булганышы өтө кооптуу чекке жеткендиктен, элдин саламаттыгы коркунучка кабылганын, бийлик буга чара көрүшү керек экенин айтып жатышат.

«World Air Quality» уюму жарандарга көчөдө тынымсыз беткап тагып жүрүүнү, аба тазалаган жабдууларды колдонууну, үйлөрдө, кеңселерде терезелерди бек жаап, сырттан аба киргизбөөнү, көчөдө көп жүрбөөнү сунуш кылды.

Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан бери дээрлик алдыңкы он саптан түшө элек.

Бишкектен кийин Кытайдын Ухань, Индиянын Мумбай, Дели, Колката, Пакистандын Карачи, Лахор, Бангладештин Дакка, Казакстандын Нур-Султан сыяктуу ири шаарлары турат. Алардын индекси маал-маалы менен алмашууда.

Бирок Кыргызстандын борбору акыркы күндөрдө биринчи саптан түшпөй турат. (NT)

XS
SM
MD
LG