Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Хорватияда жер титиреди


Загреб жер титирөөдөн кийин. 22-март, 2020-жыл.
Загреб жер титирөөдөн кийин. 22-март, 2020-жыл.

Дүйшөмбүдө эртең менен Хорватияда жер титиреп, бир топ имараттар зыянга учурады. Курман болгондор тууралуу маалымат бериле элек. Жер ортолук деңиздин сейсмологиялык станциясы силкинүүнүн күчү очокто – баш калаа Загребдин жанындагы Сисак шаарчасында 5,2 баллга жеткенин билдирди. Андан кийин дагы бир нече жолу жер силкингени байкалды.

Президент Зоран Миланович жана премьер-министр Андрей Пленкович Сисакка барып, жергиликтүү жашоочуларга колдоосун билдиришти. Жер титирөө кошуна Босния менен Герцеговинада да сезилди.

Балкан аймагында жер көп силкинет. Мартта Загреб ошондой жаратылыш кырсыгынан жабыркап, бир киши өлгөн, 27 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG