Дүйнөдөгү христиандар Ыйса пайгамбардын туулганы күнүн белгилеп жатышат. Быйылкы майрам коронавирус пандемиясына туш келди. Карантиндик чектөөлөр менен коменданттык сааттан улам Рим папасы Франциск Ватикандагы Ыйык Петр соборунда диний жөрөлгөнү адаттагыдан эрте баштады. Жылына 10 миңдеген адамдар катышкан жөрөлгөгө быйыл чектелүү сандагы адамдар катышты.
Коронавирус жугузгандар көбөйүп жаткандыктан Европанын бир катар өлкөлөрүндө чектөөлөр киргизилип, кеңири майрамдоого тыюу салынган. Буга Британияда катталган вирустун мутацияланган түрү кошумча болуп, кооптонууну күчөттү.
Рождество түнү Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө өткөн жылкы өрттөн соң алгачкы жолу чиркөөнүн хору жаңырды.
Рождество - христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири. Аны католиктер менен протестанттар 25-декабрда, ал эми православдар 7-январда белгилешет.