«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын парламентин «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам боюнча жаңы долбоорду артка чакыртып алууга үндөдү. Уюмдун расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө бул мыйзам долбоору кесиптик кошуундардын ишин чектей турганы айтылып, бийлик кошуундардын лидерлерин куугунтукка алып, алардын жыйын өткөрүшүнө тоскоолдук кылып жатканы белгиленди.
HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева «Кыргызстандын жетекчилиги кесиптик кошуун кызматкерлеринин эркин уюмдашуу укугун урматташы, профсоюздардын ички ишине кийлигишпеши зарыл» деп билдирди.
Буга чейин Бишкекте Кесиптик кошуундар федерациясынын башкы имаратынын алдында бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн. Пикетке чыккандар «Кесиптик кошуундар жөнүндө» жаңы мыйзамга каршы болуп, анын долбоорун Жогорку Кеңеш регламентти бузуу менен кабыл алганын, кошуундардын мүлкүн рейдерлик жол менен басып алуу, жетекчиликке «өз кишини» алып келүү аракети жүрүп жатканын айтышкан.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин тогуз депутаты иштеп чыккан. Быйыл 5-ноябрда парламент аны экинчи окууда кабыл алган.
Авторлордун бири, депутат Мирлан Бакиров долбоорду кабыл алууда регламент бузулбаганын айткан. Ал кесиптик кошуундардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу азыркы мыйзамдын Конституцияга жана Эмгек кодексине каршы келген жерлери бар экендиги тууралуу Юстиция министрлигинин каты келип түшкөнүн эске салган. Ошондуктан негизги максат – ачык-айкындуулукту жана отчёттуулукту камсыз кылуу экенин билдирген.
Мыйзам долбооруна каршы пикирин буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү да билдиришкен. (RK)