Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 24-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан үч киши каза болду. 186 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1340 кишиге жетти.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 79 845 адамга жетти.
Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 73 870 адам.
Стационарда 1418 бейтап дарыланууда. 2320 үйдө дарыланууда.
24-декабрда дагы бир медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4081 кишиге жетти, алардын ичинен 3865 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты. (BCh)