Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

АКШ Сенаты Беларустагы адам укуктарын коргоо жаатында мыйзам кабыл алды


Беларустагы акциялардын бири.
Беларустагы акциялардын бири.

АКШ Сенаты «Беларустун эгемендиги, адам укуктары жана демократия жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул документ Кошмо Штаттардын президентине Беларустун бийлик өкүлдөрүнө карата санкция салууга кошумча укуктарды берет.

Расмий Вашингтон Беларуста быйыл августта өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, нааразылык акцияларынын учурунда кармалган жарандар боюнча камтамачылыгын билдирип келген.

Буга чейин мыйзам долбоорун Өкүлдөр Палатасы кабыл алган. Документ республикачы-конгрессмен Кристофер Смиттин демилгеси менен иштелип чыккан. Смитт буга чейин Беларустагы демократияны коргоо жаатында бир нече мыйзам иштеп чыккан. Эми мыйзамга президент Дональд Трамп кол коюшу керек.

Мыйзамга ылайык, санкциялар беларус аткаминерлерине гана эмес, адам укуктарынын бузулушуна жол берген жана сөз эркиндигин чектеген орус жарандарына карата санкция киргизүүгө жол ачат.

Беларуста быйыл август айында өткөн президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозиция жана Батыштагы бир катар мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон Светлана Тихановская өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникова камакка алынган.

Августтан бери жекшемби сайын оппозициянын тарапташтары бийликке каршы жүрүштөрүн өткөрүп келет. БУУнун эсеби боюнча Беларуста акциялардын жүрүшүндө 27 миңден ашык киши кармалган.

XS
SM
MD
LG