Бишкек–Торугарт авто жолунун 66-чакырымында, Токмок шаарында 19-декабрдын түнү болгон кырсыктан сегиз кишинин өмүрү кыйылды. Азыр эки киши ар кандай жаракат менен ооруканада жатат.
Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы түнкү саат 22.00 чамасы катталган.
«Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол ортосундагы тосмого карабай, каршы тилкеге чыгып айдап, жеңил машине менен кагылышканы кабарланды.
Жол кырсыгынан кийин тартылып, Интернетте тараган видеодон жаракат алгандар менен каза болгондордун сөөктөрүн талкаланып калган машинелерден чыгарышып жатканы жана арасында балдар бар экени тууралуу сөздөр жазылып калган.
Өкмөттүн быйыл сентябрь айындагы маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда 3474 жол кырсыгы катталып, 385 адам каза болгон. Бул кырсыктардын 78% айдоочулардын айынан болгону аныкталган.