Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:44

ID картага «улуту» графасы кошулат


Жалпы жарандык паспорт.
Жалпы жарандык паспорт.

Кыргызстандын жаранынын идентификациялык паспортуна улутуна тиешелүү графа кошулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Чечимге премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан вице премьер-министр Артем Новиков 15-декабрда кол койду.

Бул өзгөртүү Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2017-жылдагы паспорттун үлгүсүнө өзгөртүү киргизүү боюнча чечимине ылайык ишке ашууда. Конституциялык палатага «Улутуңду унутпа!» кыймылы бул боюнча арыз менен бир нече жыл мурун кайрылган. Конституциялык палата быйыл паспорттогу «улуту» графасынын алынып салынышы Конституциянын 38-беренесине каршы келип, жарандын улутун аныктоо эркиндигин чектейт деп бүтүм чыгарган.

Мындан ары кыргызстандыктар өз каалоосу менен улуту тууралуу маалыматты паспортко коштура алышат.

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү ички паспорт (ID карта) 2017-жылы бериле баштаган. Анда жарандын улуту тууралуу маалымат картанын бетине эмес, ичиндеги электрондук чипте көрсөтүлөт. Ага чейинки үлгүдөгү паспортто улуту ачык жазылчу.

Премьер-министр Садыр Жапаров да 15-октябрдагы басма сөз жыйынында ID картага улут графасы кайра киргизилерин билдирген.

Өкмөттүн тапшырмасы менен ID картага «улут» графасын киргизүү иши башталганы, буга бюджеттен кошумча акча же жаңы жабдык талап кылынбасы жана ишти толук жыйынтыктоо үчүн жалпысынан 90 күндөй убакыт талап кылынары, себеби Тышкы иштер министрлиги аркылуу мыйзамдаштыруу иштерин жүргүзүлөрү кабарланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG